Ошто каналга түшүп кеткен адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 26.04.23. /Кабар/. Ошто каналга түшүп кеткен адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-апрелде Ош шаарынын Аношина көчөсүндөгү турак үйдүн алдынан Яккалик каналына белгисиз адам түшүп кеткен.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, каналдагы суунун деңгээли жогору болгондуктан, издөө иши убактылуу токтотулган.

Бүгүн таң эрте издөө-куткаруу иштерине 7 куткаруучу тартылып, натыйжасында 35-40 жаштагы славян түспөлүндөгү адамдын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Учурда маркумдун аты-жөнү такталууда.

Пикир

Оставить комментарий