• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ошто компания тротуар салууга мамлекеттен акча алып, жумушун аткарган эмес

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.07.18. /Кабар/. Ошто компания тротуар салууга жана көчөлөрдү жашылдандырууга акча алып, бирок жумушун аткарган эмес. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2015-жылдын июнь айында Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтү менен “Э.” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда 4 миллион сомдон ашык акчага келишим түзүлгөн. Кийинчирээк акчалар толугу менен компаниянын эсебине которулган, бирок 2 миллион сомго курулуш иштери жасалган эмес.

Натыйжада мамлекеттик бюджетке 2 миллион 469 миң 856 сом зыян келген. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий