• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Сатыбалдиев айыпталуучуларды сот процессине колуна кишен салып алып келип жатканына арызданды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.07.19. /Кабар/. Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум өтүүдө. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, айыпталуучуларды анын ичинде өзүн дагы процесске колуна кишен салып алып келип жатканына арызданды.

"Анда бутубузга дагы кишен салсын! Биз эч жакка качкан жокпуз. Анда кайсы гумандаштыруу тууралуу сөз болуп жатат", - деди ал.

Сот, бул жалпы тартип жана баарына бирдей колдонула тургандыгын айтты.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий