• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдүн аймагында кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мамменчиктен мыйзамсыз чыгарып алуу фактысы боюнча адамдар кармалды

Укук тартиби 1

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында бир катар адамдар кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынае мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, бизнес өкүлдөрүнүн мамлекеттик жана сот органдарынын айрым кызмат адамдары менен кылмыштуу макулдашуусу боюнча фактылар аныкталды.

2010-жылдын май айында «Ысык-Көл-Аврора» санаторийинин аймагында жайгашкан 97 бирдик кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү бар 10 гектар жер тилкеси мамлекеттин кирешесине алынган.

Бирок кийинчерээк бул объекттердин ичинен 13 гана батир иш жүзүндө мамлекеттин менчигине өтүп, ал эми калган 56 батир жана 27 коттедж Ысык-Көл районунун жана облусунун, Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын райондор аралык сотторунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын, ошондой эле Президенттин Аппаратынын, Мамлекеттик мүлк фондунун жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлеринин катышуусу менен татаал коррупциялык схемаларды түзүү жолу менен мыйзамсыз түрдө жеке менчик структуралардын менчигине чыгарылып кеткен.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кыймылсыз мүлктү мамлекеттин карамагынан чыгаруунун уюштуруучусу болуп “А-А ПМК” ЖАКнын мурдагы башкы директору “Ч.В.Ю.”, ошондой эле анын жактоочусу жана ал менен аффилиацияланган башка адамдар экендиги аныкталды.

Бул топ өздөрүнүн кылмыштуу оюн ишке ашыруу үчүн мамлекеттик, укук коргоо жана сот органдарынын жогорку кызматтагы адамдарына акча жана кыймылсыз мүлктөрдү өткөрүп берүү жолу менен колдоо тапканы тууралуу тергөө тиешелүү далилдерди тапты.

Мындан тышкары, 2022-жылдын 5-февралында аталган адамдардын тобуна кыймылсыз мүлк объектилеринин бир бөлүгүн легалдаштырууда жасалма жарандык-укуктук келишимдерди түзүү жолу менен түздөн-түз көмөк көрсөткөн “СКД” ЖЧКсынын жетекчиси – “К.А.В.” кармалып, 2022-жылдын 7-февралында ага карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан тергөө учурунда камакка алуу түрүндө чечим кабыл алынды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул коррупциялык схеманы түзүүнүн натыйжасында мамлекеттин кызыкчылыгына өзгөчө ири өлчөмдөгү Ысык-Көл облусунун рекреациялык зонасында жайгашкан кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарып алуу түрүндөгү зыян келтирилгенин белгилейт.

Учурда иш боюнча жогорудагы схеманын 4 катышуучусу кылмыш жоопкерчилигине тартылып, анын ичинен 3 адам камакта, тергөө амалдары жүрүп жатат жана жакынкы арада кылмыш иши боюнча башка айыпталуучуларга карата, кимдин аракетинде кылмыштын курамы аныкталса, тиешелүү процессуалдык чечимдер чыгарылат.

Пикир

  • Камиля Мадамбекова

    Камиля Мадамбекова 2 years ago

    УКМК жакшы иштерди кылып коррупционерлердин бетин ачып жатыптыр.Биз да эч Бир мыйзамсыз,коллективге тийиштуу мулкторубузду басып алган Боз-Учук соода ондуруштук фирмасынын мыйзамсыз башкармасы Жакыпов Омурбекке карата жазган арызыбыз Фин пол,областык прокуратурасында,ГКНБ да канча жылдан бери каралып,бирок эч жыйынтык чыкпастан,биздин арыздарыбыз жоопсуз калууда.Бул жерде да,соттор,архитектура,гос регистрде иштеген Балпанов Уландар коррупциялык система менен иш алып барышып,бири-бири менен байланышкан коррупцияны жаап-жашырып келтшуудо.Ушул Ак-Суу-Каракол гос регистрде коп жылдан бери зам болуп иштеп келе жаткан Балпанов Уландын иш аракеттерин да туп-тамырынан бери текшерип беруунуздорду суранабыз.

Оставить комментарий