• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкектеги Салиев көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды

Коом 0

Бишкек, 11.07.18. /Кабар/. 11-июлдан тарта Салиев көчөсүнүн Калининден Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды, - деп билдирет Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, акыркы бир нече айдын ичинде аталган тилкеде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, асфальтобетон алмаштырылып, жаңы жол белгилери орнотулган.

12-июлдан тарта Лермонтов менен Ауэзов көчөлөрүнүн бир бөлүгү оңдоо иштери үчүн жабылат. Ишти толугу менен үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында аяктоо пландалган.

Пикир

Оставить комментарий