Ошто коомдук тамактануучу жайларда санитардык ченемдердин сакталышына көзөмөл күчөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 18.05.24. /Кабар/. Ош шаарында коомдук тамактануучу жайларда санитардык ченемдердин сакталышына көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР министрлер кабинетинин жана Ош шаарынын мэриясынын протоколдук тапшырмаларын аткаруу максатында Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн адистеринен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан тамак-аштан уулануунун алдын алуу максатында коомдук тамактануучу жайларда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин так сакталуусу боюнча жеринде көзөмөлдөө, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам бузуулар аныкталган менчик ээлерине тиешелүү протоколдук эскертүүлөр берилди.

Белгиленгендей, көзөмөлдөө иштери күчөтүлгөн тартипте уланат.

Пикир

Оставить комментарий