Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. Ошто мыйзамсыз акча алмаштырган эки жаранга айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Улуттук банктын лицензиясы жок Ош шаарынын аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Ош облустук башкармалыгы тарабынан Кыргызстандын Ч.С.М., Э.у.А. аттуу эки жаранынын ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Пикир
Оставить комментарий