• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Ошто синтетикалык баңгизат сатууга шектелген студент кыздар кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 06.12.24. /Кабар/. Ошто синтетикалык баңгизатын өзгөчө ири өлчөмдө сатууга шектелген жогорку окуу жайлардын биринин студент кыздары кармалды.

ИИМден билдиришкендей, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына жаш кыздардын тобу Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында узак убакыттан бери баңгизат сатуу менен алектенип жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринин студенттери 2004-жылы туулган Ж.А.К. жана Ж.А.А.ны таңгактоо менен сатуу максатында синтетикалык баңгизаттын ири партиясын алып жаткан жеринен кармашкан.

Белгиленгендей, соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат синтетикалык баңгизат “Альфа ПВП” болуп саналат. Баңгизаттарды баасы 600 миң сомду түзөт.

Ошондой эле кармалгандар бир жылдан ашык убакыттан бери баңгизаттарын чакан зип-баштыктага салып, “Телеграмм” канал аркылуу каткан жерлерди көрсөтүп, бир миллион сомго чейинки криптовалюта менен ири акча операцияларын жүргүзүшкөнү аныкталды.

Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда бул кылмыштарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын тергөө иштери жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий