• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ошто УКТ мүчөлөрүнө кол салуу. Дагы бир шектүү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 14.01.23. /Кабар/. Ош шаарындагы адам өлтүрүүгө шектелген дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, издөөдө жүргөн 1991-жылы туулган Нурбек Чубаков аттуу Өзгөн районунун тургуну бүгүн Ош облусунун аймагынан кармалган.

Милициядан белгилешкендей, өзгөчө оор кылмышка тиешеси барларды кармоо жана кылмыш ишин толук ачуу боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Эскерте кетсек, 12-январдан 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кол салуу болуп, бирөө каза тапса, экинчиси ооруканага түшкөн. Кечээ, 13-январда аталган кылмышты уюштурду делип кримтөбөл “Женго” кармалып, анын шериктери, кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар үч жаранга издөө жарыяланган. Ошондой эле бүгүн, 14-январда аталган кылмышка шектелип дагы эки жаранга издөө жарыяланган. Ал эми кечээ, 13-январда издөө салынган 2 жаран бүгүн Чүй облусунун аймагынан кармалган.

Пикир

Оставить комментарий