• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Парламент депутаттары Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депуттары Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Парламенттен билдиришкендей, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов баштаган мүчөлөрү Москвага болгон иш сапарынын алкагында кыргыз жарандары менен жолугушуу өткөрүп, миграция, жарандарды ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер, ошондой эле Россиянын аймагында болуу менен байланышкан ар кандай маселелер боюнча жарандардын кайрылууларын укту.

Жолугушуунун жыйынтыгында элчи Кубанычбек Бөкөнтаевдин, тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиевдин жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бакыт Дарманкул уулунун катышуусу менен Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин отуруму өткөрүлдү.

Жыйындын катышуучулары Мамлекеттик Дума тарабынан кабыл алынган РФ миграциялык саясатын катаалдаштырууга багытталган мыйзамдардын топтомуна жана алардын кыргыз жарандарына тийгизген таасирине байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Депутаттар элчиликке консулдук кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо иштерин күчөтүү, ошондой эле Кыргызстандын жана алардын жарандарынын имиджин жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды беришти.

Пикир

Оставить комментарий