Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда, “Жаңы кадам” социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде сөз сүйлөдү.
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтүп жаткан иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова, ошондой эле республиканын бардык аймактарынан келген “Социалдык контракт” программасына киргендер катышууда.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:
“Республикалык кеңешменин урматтуу катышуучулары!
Кымбаттуу меймандар жана кадырлуу эл аралык өнөктөштөр!
Урматтуу депутаттар жана өкмөт мүчөлөрү!
Бүгүн өлкөбүздүн булуң-бурчунан социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган жарандар залга чогулуп, элибиздин алга умтулуусу жана өнүгүүсү үчүн бар күчүбүздү кантип бириктире алабыз деген олуттуу маселени талкуулоо үчүн “Жаңы кадам” социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде сөз сүйлөштү.
Социалдык мобилизация – бул коомдун бардык негизги кызыкдар тараптарынын жалпы максатка жетүүсү үчүн биргелешип иш алып баруусуна пландаштырылган процесс.
Бул – эң оболу “Ырыс алды – ынтымак” деген кыргыздын макалында айтылгандай, ынтымакка келүү, бир максатты көздөө!
Бул социалдык мобилизация жалпы журтубуздун башын бириктирип, колдоп-коштой турган жалпы элдик милдет. Мындай өтө маанилүү жалпы республикалык кеңешмеге катышып жатканыма мен дагы кубанып турам.
Бүгүнкү кеңешменин жүрүшүндө жалпы ишибизге дем берүүчү баалуу сунуштар айтылды, жаңы-жаңы идеялар жаңырды, десек болот. Эми алардан туура жыйынтык чыгаруу менен натыйжа бере турган пландарды мерчемдейбиз деп ишенем.
Иш-чаранын урматтуу катышуучулары!
Мына ушундай маанилүү кеңешмеде мен дагы айрым ой-пикирлеримди, сунуштарымды ортого салып, сиздер менен бөлүшө кетейин.
2021-жылы январь айында жамы журтубуз мага эң бийик, ары ардактуу жоопкерчиликти жүктөө менен мамлекет башчылыгына шайлагансыздар.
Ошол кезде мен өлкөнү кандай абалда кабыл алганым эсиңиздерде болсо керек? Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган пандемиянын кесепеттери аз келгенсип, акыркы 80 жыл аралыгындагы эң олуттуу геосаясий конфликттердин натыйжалары соңку үч жылдан бери чоң сыноо болуп келе жатканын жакшы билесиздер.
Пандемиянын “Казалуу июль” деп атыккан, үрөй учурган оор учуру азыр деле далайлардын эсинен кете элек. Бул эгемендик жылдарында башыбызга түшкөн эң оор сыноо, чоң кырсык болду.
Мына ошондо биз мамлекетибиздин абалын, башкаруунун деңгээлин, компетенттүүлүгүн, биздин медицина тармагы толук талкаланып, жок болуп баратканын, мындай кырдаалга даяр эмес экенибизди көргөздүк.
Мындай кысталыш абал али күнчө эсимде. Ал кезде мамлекеттин казынасында каражат жокко эсе болчу. Сырттан 320 млн доллар карыз алып, эмгек акы, пенсия менен жөлөк пулду жаап жаткан учур экен.
Мындай шартта медицина, билим берүү жана башка элдик кызматтарга мамлекеттик каржылоону көбөйтпөстөн, тескерисинче, кыскартышым керек болчу.
Анткени билесиздер, так менин президенттик мөөнөтүмө жылына 350-400 млн долларлык тышкы карызды төлөө милдети туш келген эле. Дүйнөлүк коомчулук дагы Кыргызстан эми кандай абалда болоор экен деп, сын көз караш менен карап турушкан.
Кеңешчилерим менен жардамчыларым мага бюджетти кескин кыскартып, кесип, бардык каражатты мамлекеттик карызды төлөөгө жумшоом керектигин айтышты. Албетте, мен буга макул болгон жокмун. Себеби карапайым элдин жашоосу кандай оор абалга кептелгенин жакшы билчүмүн.
Ары ойлонуп, терең салмактап отуруп, командам менен аракет кылып, мамлекеттик кирешени дээрлик үч эсеге көбөйтүүгө жетише алдык. Ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмүн эки эсеге көтөрдүк. Карыздарды төлөп эле тим болбостон айлык акыларды, пенсия менен жөлөк пулдарды көтөрдүк. Мектептерди, бала-бакчаларды, жолдорду сала баштадык. Дагы канчалаган ири объектилердин азыр ушул күндө курулуштары жүрүп жатат.
Башка көрсөткүчтөргө токтолбой эле коёюн.
Айтор, эң негизгиси өткөн үч жылдан бери мамлекеттин тышкы карыздарын төлөп жатканыбыздын оорчулугун элибизге сездирткен жокпуз.
Мындан кийин дагы элибизди санаага салбай, тышкы карызды мамлекеттин дараметин күчөтүү менен төлөп турабыз!
Бүгүн эми жетишкендиктерибизге токтолбой эле коёюн. Айтайын дегеним, азыр деле бизде жакырчылык, кымбатчылык, жумушсуздук курч көйгөй болуп атканын жакшы билем.
Кабатырлануу менен күн сайын ойлонуп, толгонуп, тынчсызданып келем. Өзгөчө азык-түлүк кымбаттоонун үcтүндө болуп жатканын көрүп турам. Бир катар продуктулардын баасы 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик 1,5 эсеге өстү.
Бизге экономикасы алсыз өлкө тапшырылганын мурда эле билчүмүн. Бирок өзүбүз эч нерсе чыгарбай, чыгара да албай калганыбызды мен бийлик башына келгенде көрүп-билип, ардандым, ачууландым.
Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо тууралуу көп жылдардан бери айтылып келатканы менен, мунун баары курулай сөз бойдон эле кала бериптир. Жада калса этти да, жашылча-жемиштерди да чет өлкөдөн импорттоп ташыганга мажбур болуп калыптырбыз.
Өткөн эки жылдын ичинде буудай, кумшекер, суу май, күйүүчү май, мазут, дизелдик отун, курулуш жана өнөр-жай товарларына болгон дүйнөлүк баалар эбегейсиз кымбаттаганын да жакшы билесиздер.
Муну менен импортко жана тышкы экономикага көз каранды болгон өлкө катары кымбатчылыктын толкунун баштан кечирип, дүйнөлүк инфляция өлкөбүзгө өз залакасын тийгизүүдө.
Ошентсе да биз өтө көп күч жумшоо менен макроэкономикалык туруктуулукту коргой алдык. Жыйынтыгында 2022-жылдын апрель айында мугалимдердин, дарыгерлердин, социалдык тармактын жана маданият ишмерлеринин, муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлердин, күч органдарында иштегендердин жана аскер кызматкерлеринин, чек арачылардын эмгек акыларын олуттуу жогорулатканыбыз эсиңиздерде болсо керек.
Акыркы эки жылда Кыргызстан реалдуу эмгек акынын өсүшү боюнча Евразиялык экономикалык бирликте лидер болуп келе жатат.
Айлык акынын өсүшү инфляциянын деңгээлинен жогору болгондугу үчүн биз жакырчылыктын андан ары тереңдешине бөгөт коё алдык.
Ошондой болсо дагы көптөгөн кыргызстандык үй-бүлөлөрдүн азыркы жашоо шарттары оор болуп атканын жакшы билем.
Балдардын мектеп түйшүгү, тамак-аш маселеси, үй-бүлө багуу сыяктуу көйгөйлөрдү сезип турам. Мындай түйшүк менен күн кечирген жарандарыбыздын турмушун жаныма жакын кабыл алам.
Ал эми аялуу калкыбыз, майыптыгы бар адамдар, жалгыз бой энелер, жетим балдар үчүн кымбатчылык кандай оор болуп атканы айтпаса да белгилүү.
Ошондуктан, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу менен элибиздин жашоо шартын жана турмуш деңгээлин реалдуу жогорулатуу, бакубатчылыкты орнотуу – менин эң маанилүү милдетим!
Алдыбызга койгон максатты дээрлик көпчүлүк элибиз колдоп келатат. Буга жүргүзүлгөн социалдык сурамжылоолор, анын ичинде эл аралык социологдордун изилдөөлөрү күбө. Алардын жыйынтыгына таянсак, өткөн жылы тигил же бул себептерден улам жашоосу начарлап кеткен үй-бүлөлөр да биздин саясатка ишеним артканы ачыкталды.
Бул үй-бүлөлөрдүн "ооба, азыр биз үчүн кыйын, бирок эртеңки келечегибиз жакшы болот" деген ишеничтери мага күн сайын алдыга койгон максаттарыма жетүү үчүн талыкпай эмгектенүүгө, алардын үмүт-тилегин, ишенимин актоого чоң күч, чоң дем, чоң түрткү берип келет.
Албетте, өлкөнүн жаркын келечегине болгон мындай зор ишеним жана бекем сабыр үчүн эл-журтубузга терең ыраазычылык билдирем.
Маселен, биз быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине карата көптөгөн жаңы ишканаларды, өнөр жай объектилерин ачып жатабыз. Символикалуу түрдө 100 жылдыкка 100 ири объектини ачууга кириштик. Буга кечээги Таласка болгон сапарымдагы жаңы аэропорттун, Бала-Саруу ГЭСинин ачылышы мисал. Жылдын экинчи жарымында мындай ишканалардын бир нечесин апта сайын ача баштайбыз.
Быйыл өкмөт менен жергиликтүү бийликтин алдына жумуш орундарын түзүүнү негизги тапшырма катары коюп келатам. Жергиликтүү бийлик, республикалык органдар кичинекей цех болобу, жер жемишти кайра иштетеби, туристтерди кабыл алган эс алуу жай, кафе же соода түйүндөрүн ачабы, айтор, ар бир чакан жана ири ишкерге колдоо көрсөтүшүңөр керек.
Сиздер жакшы билгендей, мен 2005-жылы депутат болуп шайланып, саясатка келгенге чейин ишкерлик менен алектенгемин. Бирок 1990-жылдары ийгиликке жетүү абдан кыйын болгону алигиче эсимде.
Айтайын дегеним, мен ишкерлик кылуу канчалык кыйын экенин жакшы билем. Ишкерлер жеке эле өздөрүн, үй-бүлөсүн камсыздабастан, башкаларга да жумуш орундарын түзүшөт. Алардын эмгек акысын кантип төлөйм деп түнү менен уктабай түйшөлүп чыгат. Мына ушундан эле ишкерлик кылуу канчалык кыйын экенин: чыдамкайлыкты, чарчабай-чаалыкпай, күнү-түнү эмгектенүүнү талап кыларын билсе болот.
Жеке бизнестин түйшүгүн жакындан түшүнгөнүм үчүн үстүбүздөгү жылдын март айында дээрлик көпчүлүк чакан жана орто ишканалар үчүн социалдык төлөмдөрдүн пайызын 27 пайыздан 12 пайызга чейин төмөндөтүү боюнча атайын жарлыкка кол койдум.
Бул – чакан жана орто бизнестин жүгү жеңилдесе деген тилегим эле.
Мындан сырткары, көптөгөн мамлекеттик текшерүүчү органдар ишкерлерге кандайча тоскоолдук кылып келатканы да мага жакшы маалым. Буга чейин эле ишкерлерди текшерүүгө мораторий жарыяланган.
Ошентсе да ишкерлерге дагы көмөк болсун деп, жыл башында текшерүүлөргө дагы бир катуу мораторий киргиздим. Жооптуу жетекчилерге: “Ишкерлерибиз тез арада ирденип алышсын, текшерүүнү шылтоолоп эле тийише бербегиле, жүдөтпөгүлө!”- деп дайыма эскертип келем.
Ал эми азыркы күнү генерал Камчыбек Ташиевдин чечкиндүү аракеттери менен өлкөдө уюшкан кылмыштуулукту жоюу боюнча тартип орногонун көрүп-билип турасыздар. Мындан ары мурункудай көрмөксөнгө салуу, билмексен болуу деген болбойт.
Бандиттер тарабынан ар кандай опузалап акча талап кылуу аракеттери дароо мыйзам чегинде тескелет, тергелет, жазаланат.
Жеке ишкерлерди эле эмес, кайсы бир адамды коркутуп-үркүтүп, акча талап кылгандар дагы мыйзам чегинде эң катуу жазага тартыларын дагы бир жолу эскерте кетейин.
Урматтуу мекендештер!
Бүгүн биз алдыбызга амбициялуу максаттарды коюп жатабыз.
Министрлер кабинетинин төрагасынын жетекчилиги астында жакынкы жылдары экономиканын өсүү темпин мындан дагы ыкчамдатып, 2030-жылга чейин экономиканы эки эседен ашык көбөйтүүгө, башкача айтканда, ички дүң продукциябыздын көлөмүн 30 млрд долларга жеткирүүсү зарыл, деп турабыз.
Бул максатка жетебиз деген үмүтүм чоң. Кудай буюрса, элибиздин, ишкерлер чөйрөсүнүн колдоосу менен ушул деңгээлге чыгабыз!
Эң башкысы, мындай натыйжа 2050-жылга чейин улуттук экономикабызды 200 млрд АКШ долларына жеткизүүгө негиз болуп бериши керек.
Муну улуу максат, бийик амбиция, жалпы улуттук кыялыбыз десек да болот!
Биз азыр жакыр мамлекеттердин катарынан чыга алдык. Келечекте күчтүү, дөөлөттүү мамлекет болушубуз керек. Дал ушул сыяктуу эле бүгүнкү күндө ар бир ишкер өзүнүн алдына амбициялуу максаттарды жана милдеттерди коюшу керек деп ойлойм. Ошондо биз мамлекеттин, элдин, бизнес менен коомчулуктун, шаар менен элеттеги калктын бардык катмарынын бирдиктүү жана ынтымактуу аракети менен гана улуттук өнүгүүгө жетебиз!
Урматтуу агайын-туугандар!
Биздин өнүгүү жаатында жасап жаткан аракеттерибиз жеке жарандан тарта жалпы журттун бардык катмарынын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган.
Мындан ары саналуу гана чөйрө, бир ууч эле топ байыгандай болбошу керек. Буга чейин базар экономикасынын “көмүскө колу” өнүгүү кереметин өзү эле жаратып, баардыгыбызды жыргатып, мамлекетибизди гүлдөтүп салат деген неолиберализмдик идеология жайылган эле.
Биз мындай принципке сокур ишеним менен жетеленип, канчалаган жылдарды текке кетирдик.
“Мамлекет начар башкаруучу”, “экономикада өкмөт эч кандай роль ойной албайт” деген кептер айтылып келгенин билесиздер. Бул көз караш мамлекеттин, карапайым элдин кызыкчылыгына каршы келген жалган идеология экенин, аны менен эч кандай өнүгүү болбостугун, тескерисинче, өлкөбүз тонолуп-талкаланып, жок болуп кете жаздаганына да күбө болдук. Эмгек мигранттарыбыздын которгон акчаларына көз каранды болуп, экономикабызда ошол которулган каражаттардын эбегейсиз ролу боюнча дүйнөлүк рекордчуга айландык.
Карапайым элибиз: аялы-эркеги, жаш-карысы дебей кары-картаң ата-энелерин, жаш балдарын аргасыздан таштап чет өлкөлөрдө кор болуп, жер жүзүн кыдырып иш издеп келгенин кантип унутабыз?
Биз мындай көрүнүштөрдүн андан ары улануусуна жол бербейбиз.
Мамлекет эл үчүн иштейт. Бүгүнкү күндө мамлекеттик органдардын ар бир чечими, ар бир мыйзамы жана ар бир токтому бир ууч топтун же бир нече үй-бүлөнүн эмес, бүтүндөй элдин кызыкчылыгы үчүн кабыл алынып жатат деп толук ишендире аламын.
Мага Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү максаттарынын:
“Эч кимди артта калтырбайбыз!” деген урааны жагат. Кудай буюрса, биз дагы, мындан ары эч кимди артта калтырбайбыз!
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Учурда жакырчылык менен күрөшүүнүн жолдорун тыным албай издеп жатабыз. Элибиз улуу максаттарга жетүүдө өзүнүн чечкиндүүлүгүн, жаратмандыгын, турмуштун оор сыноолоруна туруктуулугун бир нече жолу далилдей алды.
Мына бүгүн дагы ушул залга өлкөбүздүн эң демилгелүү өкүлдөрү келишти деп айтсам, жаңылышпаймын.
“Социалдык контракт” программасына катышкандар өз турмушун түп-тамырынан бери өзгөртүүгө аракет кылуунун, жаратмандыкка умтулуунун, эрктүүлүктүн жаркыраган мисалы десек болот.
Биз “Социалдык контракт” программасын үч жыл мурун Баткен облусунун Кадамжай районунан жана Нарын облусунун Жумгал районунан 100 гана адам катышкан пилоттук долбоордон баштаганбыз. Ойдогудай жыйынтык берээр бекен деп байкоо салып, чыдамсыздык менен күтүп жүрдүк.
Пилоттук долбоор жакырчылыкта жашаган жана балдарына жөлөк пул алган үй чарбаларына багытталган.
Мындай жарандарды өз бизнесин ачууга жана өз алдынча үй-бүлө кирешесин түзүүгө үндөө - так ушул “Социалдык контракт” долбоорунун милдети болгон.
Бул эксперименттин натыйжасында 100 үй-бүлөнүн баары киреше ала баштаганда, долбоордун натыйжалуулугу белгилүү болуп, биз кийинки кадамга – долбоорду бүткүл республикага жайылтууга белсендик.
Ошентип, бүгүнкү күндө дээрлик 13 миң адам “Социалдык контракттын” аркасы менен бизнес-идеяларын ишке ашырып, жумуш орундарын түзүп, үй-бүлөсүнүн жана жергиликтүү коомчулуктун өнүгүүсүнө реалдуу салымын кошо баштады.
Бүгүнкү күндө социалдык контракттын түздөн-түз пайдасы 70 миңден ашуун адамга тийип, аларды жетиштүү турмуш менен камсыздалышына өбөлгө болду!
Эки жылдын жыйынтыгын баамдап көрсөк, “Социалдык контракттын” катышуучуларынын 77 пайыздан ашыгы апта сайын 5 000 сомго чейин киреше алышса, 22 пайыздан ашыгы 10 миң сомго чейин апталык киреше алып жатканы белгилүү болду.
Бул социалдык келишимге катышкандар үчүн да, жалпы мамлекет үчүн да экономикалык натыйжанын жана жетишкендиктин далили!
Мен учурдан пайдаланып, ушул программаны ишке ашырган Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлерине, жер жерлердеги адистерге жана активисттерге ыраазычылык билдире кетейин.
Урматттуу мекендештер!
Биз ушу тапта көп кырдуу жакырчылыкты жоюуну көздөп жатабыз.
Бириккен Улуттар Уюму башында турган эл аралык өнөктөштөр, алардын катарында Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы, ЮНИСЕФ, Дүйнөлүк банк, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы жана башка эл аралык уюмдар менен бирдикте мамлекетибиз билимге, медицинага, мамлекеттик кызматтарга, коопсуздукка болгон, же болбосо маалыматка жеткиликтүүлүктүн жетишсиздигинен келип чыккан көп кырлуу жакырчылыкты жоюунун үстүндө иштеп жатабыз.
Азыр бардык аракеттерибизди тизмектеп, майда-чүйдөсүнө чейин айтып бергенге убакыт тар болууда. Ошентсе да мектептеги билим берүүнү трансформациялоо маселеси эң башкы артыкчылык экенин, ал менин жеке көзөмөлүмдө болуп жатканын айта кетейин.
Биз бул программаны “Алтын казык” деп бекеринен атаган жокпуз.
Экономика, каржы, айыл чарба жана башка кандай гана программалар болбосун, бардыгы ушул билим берүүгө көз каранды. Эң негизги мамлекеттик приоритет, эң маанилүү инвестиция, эң баалуу жана эң ыйык улуттук кыялыбыз, гүлдөп-өнүгүүгө карай эң туруктуу жана түз жолубуз билимдүү жаштар аркылуу ишке ашарын жакшы билишибиз керек. Биздин балдарыбыздын дүйнөлүк эмгек рыногунда татыктуу орун ээлеп, атаандаштыкка тең таймаша турган дүйнөлүк деңгээлдеги илим-билимге ээ болушу үчүн алдыбызга максат коюп жатабыз.
Мен ар бир мамлекеттик жана жергиликтүү жетекчини, ар бир мыйзам чыгаруучуну эле эмес, ар бир ата-энени, ар бир атуулду жана ар бир активистти мектеп трансформациясын колдоого чакырам.
Биз татыктуу келечекке умтулуу менен алдыга илгерилешибиз керек!
Ардактуу замандаштар!
Бүгүн мен өкмөттүн алдына бир катар тапшырмаларды койгондугум жөнүндө, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан иштердин айрым жыйынтыктары тууралуу сөз кыла кетейин.
Жарандарыбыз жашы улгайып, кутман куракка келген кезде жакырчылыкка туш болуп, ар бир тыйынды санап, баарын үнөмдөөгө аргасыз болгондо өзгөчө бизди кыжырданткан абалга кептелет.
Пенсия курагында татыктуу өмүр сүрүүгө каражаты жол бербей турганы – бул акыйкатсыздыктын акыйкатсыздыгы десек да туура болот.
Так ушул себептен 2021-жылы Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип жатканда, пенсия менен жөлөк пулдар жашоо шартын камсыздандыруу минимумунан кем болбошу керек деген пунктту киргизгенбиз.
Урматтуу аталар-апалар!
Ушул жылдын 1-октябрынан тартып Социалдык фонд тарабынан дайындалган бардык пенсиялар 6 миң 800 сомдон кем эмес өлчөмдө болоорун сиздерге чоң кубаныч менен жарыялай кетейин.
Мен бул мөөнөттү тездетүүнү өтүндүм. Кудай буюрса, пенсияны жогорулатуунун биринчи этабы 1-июлдан башталат. Бул багыттагы иштерди улантабыз.
Социалдык төлөмдөрүбүз менен жөлөк пулдарыбыз да жашоо минимумунан жогору турган чекке тез арада жеткирүү үчүн талыкпай иштейбиз.
Ооба, албетте, буга бир нече жылдар керек, ошентсе да бул максатка сөзсүз жетебиз!
Жакында эле томолой жетим балдар үчүн 500 миң сомдук “Келечекке салым” балдар аманатын ишке киргиздик. Ар бир томолой жетим 18ге чыкканда колдоруна 500 миң сомдон алат. Бул каражатты балдар билим алуу максатында жана ипотека алуу үчүн баштапкы төлөм катары колдоно алышат.
Биз балдарыбыздан эч нерсе аяган жокпуз, аябайбыз дагы! Убагы келгенде баарын орду-ордуна коебуз. Буюрса балдарыбыздын жөлөк пулдарынын өлчөмүн да көбөйтөбүз.
Акыркы убакта балдарга карата зордук-зомбулук жана ушул сыяктуу жагымсыз фактылар көбөйгөнүн байкап жатабыз. Мамлекет бул маселени эч качан көңүл сыртында калтырбайт.
Биз ар бир баланын бакубат жашоосу үчүн жооптуубуз!
Ошондуктан, 1-июнь – Балдарды коргоо күнүн утурлай балдар боюнча атайын социалдык кызматкерлердин жаңы 550 штаттык бирдиги ачыларын билдирем, алардын санын көбөйттүк.
Балдардан үнөмдөөгө акыбыз жок дегенибиздей эле балдар менен иштей тургандардын штаттык бирдигин дагы көбөйтөлү деп жатабыз.
Урматтуу мекендештер!
Өспүрүм балдарыбыздын тагдырына келсек. Эгерде кайсы бир баланын кыйынчылыкта, турмуштук оор кырдаалда турганын көрсөк – мамлекеттик социалдык органга кабарлайлы, кайдыгерлик кылып басып кетсек, кейиштүү абалга туш болорун унутпайлы.
Бул ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин, өлкөнүн ар бир мекенчил жаранынын милдети деп эсептейм.
Кыргызстандагы ар бир наристе, ар бир бала, ар бир өспүрүм мамлекеттин жана ар бирибиздин камкордугубузда болушу кажет.
Ата Мекенибизде ар бир балага кам көрүлүшү зарыл!
Жарандарыбызды турак жай менен камсыздоо багытында чечкиндүү иштер кызуу жүрүүдө.
Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу мамлекеттик кызматта иштегендерге гана эмес, жеке жактарга дагы ипотекалык негизде кезексиз батирлүү болуу мүмкүнчүлүгү пайда болду.
Республикабыз боюнча 11 миң 495 батир курулуп жатат, анын ичинен ушул жылдын аягына чейин 5 миң 503 кезекте турган үй-бүлөлөргө батирлер берилет.
Мындан сырткары мүмкүнчүлүгү бар, 50 пайызын алдын ала төлөй алган жарандарыбызга, өзүнчө программа менен иш баштадык. 50 пайызын алдын ала төлөсө, 50 пайызын мамлекет тарабынан 15 жылга ипотекалык негизде төлөп беребиз.
Бул мурдатан кезекте турган жарандарыбызга тоскоолдук болбойт.
Мурдатан бери кезекте турган жарандарыбыздын кезеги бузулбайт.
Ошондой эле, ушул жылдын аягына чейин 12 миң батирдин курулушу башталат.
Мындан сырткары, медицина тармагында чийеленишип калган бир топ көйгөйлөр чечилбей келатат. Бүгүнкү күндө президенттин администрациясы кыска жана орто мөөнөттүү олуттуу пландарды иштеп чыгуунун үстүндө.
Бирок элибиз мындай келечектүү чоң пландардын узак мөөнөттө аткарылышын күтө албайт.
Кечиктирилгис чара катары 1-июлдан тарта алыскы райондордогу, кичи шаарлардагы жана айыл жерлериндеги саламаттык сактоо мекемелеринде иштеген дарыгерлер үчүн кошумча дем берүү программанын алкагында, дарыгерлердин санын 200дөн 500гө чейин көбөйтүүнү тапшырам.
Ошондой эле врачтын депозитинин кварталдык суммасы 38 миң сомдон 66 миң сомго чейин жогорулатылат.
Бишкек жана Ош шаарларынан башка республиканын аймактарында дарыгерлердин жетишсиздигин эске алуу менен чукул чара катары педиатрларга, неонатологдорго, хирургдарга, анестезиологдорго жана реаниматологдорго 20 миң сом өлчөмүндө кошумча айлык төлөм киргизүүнү да тапшырдым.
Бүгүнкү күндө бизде жаш дарыгерлер жетишсиз. Алыскы же бийик тоолуу аймактарда эле эмес, керек болсо, облустук борборлордо да жаш медиктер жокко эсе экенин көрүп жатабыз.
Андыктан практикадан өтүп жаткан клиникалык ординаторлорду жана интернатурадагы дарыгерлерди тартуу жана аларга стимул берүү үчүн 20 миң сомдон атайын төлөмдөрдү киргизүүнү милдеттендирдим.
Бул – жөн гана кечиктирилгис чаралардын тизмеси.
Мен жогоруда айтканымдай, президенттик администрация бүгүнкү күндө медициналык тейлөө тармагында гана эмес, башка тармактарда да орто жана узак мөөнөттүү кадамдарды караштырып жатканын баса белгилейм.
Эң негизгиси биз биргелешип аракет кылсак, мамлекетибиз жылдан-жылга социалдык милдеттенмелерин аткарууга мүмкүнчүлүктөрүн арттыра берерине ишенем.
Бүгүнкү иш-чаранын урматтуу катышуучулары!
Эң башкысы биз билим берүү болобу же саламаттык сактообу, айтор, адамдык капиталды өнүктүрүүгө инвестиция салабыз.
Анткени адамдык капитал – биздин эң чоң байлыгыбыз.
Ошондуктан, Мекенибиздин бардык аймактарындагы миңдеген адамдардын башын бириктирген “Жаңы кадам” социалдык мобилизациялоо кыймылына старт берип жатабыз.
Булак бара-бара дарыяга айланышы керек.
Ал эми бул кыймылдын башында биздин айымдар турарын баса белгилеп кетпесем болбос. “Социалдык контрактка” 13 миңден ашык адам катышса, алардын дээрлик 95%ын аялзаты түзөт.
Бул азыркы замандын каармандары – биздин эже-карындаштарыбыз үй-бүлө экономикасын түзүүдө жигердүүлүктү көрсөтүп келатканын далидеп турат.
Ошондой эле кыргыз айымдары ар дайым өз алдынчалыгы, эркин мүнөзү, үй-бүлөсүнүн, элинин тагдыры үчүн эркектер менен катар эле жоопкерчилик ала алышаары менен өзгөчөлөнүп турат.
Бар болуңуздар, кымбаттуу эже-карындаштар! Силерге терең таазим!
Урматтуу мекендештер!
“Социалдык контракт” программасы өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди. Биз мындай чаралардын алкагын дагы кеңейтебиз. Быйыл “Социалдык контрактты” ишке ашырууга 2 млрд сом бөлүштүрүп жатабыз.
Мындан тышкары, жакырчылыктан чыгууга мүмкүндүк берүүчү “Социалдык контракттын” ар кандай жаңы форматтарын да карап жатабыз.
Мисалы, мурда социалдык контрактты ийгиликтүү ишке ашыра алган эң алдыңкы 600 кишиге банк аркылуу эң төмөнкү пайызда 200 миңден сом насыя берүү каралууда.
Министрлер кабинетинин алдында көп балалуу үй-бүлөлөрдүн жакырчылыгын эки эсе кыскартуу милдети турат. Бул өтө татаал жана ар тараптуу маселе, анын чечилиши системалуу мүнөзгө ээ болушу кажет.
Көрүлүп жаткан бардык чаралардын пайдалуу болушу, жарандарыбыз үчүн сезилерлик натыйжаларды бериши, үй-бүлөлөрдүн жашоо-турмушунун жакшырышы мамлекет, эл үчүн өтө маанилүү.
“Социалдык контракт” боюнча келишимди ишке ашырууда жергиликтүү бийлик органдарына маанилүү роль жүктөлөт. Анткени “Социалдык контракттын” катышуучулары үй-бүлөсүнүн экономикалык жыргалчылыгын гана жакшыртпастан, аймактын экономикасынын өнүгүшүнө салым кошууда.
Ошондуктан, жергиликтүү бийлик органдарынын милдети “Социалдык контракттын” катышуучуларынын бизнесин өнүктүрүү үчүн шарттарды, мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү болуп эсептелет.
Бул жерде үй-бүлөлөрдү колдоонун маанилүүлүгү жөнүндө сөз кылганда жергиликтүү бюджеттен каражат берүү же азык-түлүк пакеттерин көтөрүү жөнүндө сөз кылган жерибиз жок.
Колдоо системалуу мүнөзгө ээ болуп, бизнести өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп бериши керек.
Мен бүгүнкү Кеңешмедеги мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, урматтуу Жогорку Кеңештин төрагасы баштаган эл өкүлдөрүбүзгө да кайрыла кетейин.
Социалдык тармакты өнүктүрүүгө, экономиканы алдыга жылдырууга багытталган бир катар маанилүү мыйзам долбоорлору парламенттин кароосуна киргизилип жатат, мына ушул документтерди ушул июнь айында карап берсеңиздер.
Элдин жашоо-турмушун көтөрүү максатын көздөгөн демилгелерди колдоп, ыкчам кабыл алып берсеңиздер жакшы болот.
Урматтуу “Социалдык контракттын” катышуучулары!
Сиздерге талыкпай эмгек кылуу менен үй-бүлөңүздөрдүн, жакындарыңыздын, кошуналарыңыздын жана досторуңуздун жашоосун өзгөртүүгө болгон кадамыңыздар үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем.
Сиздер башкалардын да жакырчылыктан чыгуусуна мүмкүнчүлүк берип, жумуш орундарын түзүп жатасыздар. Буюрса, бир чынжырча сыяктуу бул аракеттер акырындык менен уланып, миңдеген адамдардын жашоосу жакшырат.
Сиздер буга чейин калыптанып калган эски стереотиптерди бузуп, үй-бүлө экономикасынан баштап, өнүккөн коомду комплекстүү курууга ишенимдүү кадам таштаган жаңы муундагы ишкерлердин кыймылдаткычы, түзүүчүсү болдуңуздар.
Жаңы багыттар менен тармактарды өздөштүрүп, креативдүү бизнес-идеяларды ишке ашырып жатасыздар. Сиздердин араңыздарда жашыл өндүрүштү, IT-индустриясын жана билим берүү долбоорлорун өнүктүрүүчүлөр да көп.
Албетте, жетишкен ийгиликтериңиздер бизди сыймыктандырат. Башкаларга шык-дем берип, биргелешип баарын жасаса болот деген ишеним ого бетер күчөйт.
Биздин мындай тажрыйбабыз Бириккен улуттар уюмунун деңгээлинде дүйнөдөгү жакырчылыкты жеңүүнүн эң натыйжалуу моделдеринин бири катары таанылып, башка мамлекеттердин социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүгө сунушталганын сыймыктануу менен айта алам.
Биз биримдигибиз менен эң татаал маселелерди чечүүгө жана кандай гана болбосун, эң татаал чакырыктарга жооп берүүгө жөндөмдүү экенибизди далилдей алдык.
Буюрса, Кыргызстан жакырчылыктан чыгууда башка мамлекеттерге үлгү болот.
Бүгүнкү жыйындын урматтуу катышуучулары!
Ушул залда өлкөнүн өнүгүшүнө жан аябай салым кошуп жаткан мекендештерибиз – Кыргызстандын чыныгы мекенчил уул-кыздары да олтурат.
Социалдык чөйрөгө мааниси зор мектептерди, жолдорду, көпүрөлөрдү куруп, китепканаларды, бала бакчаларды өз чөнтөктөрүнөн каржылап, ачып келе жатышат.
Бул – бабалардан бизге калган берешендик, жоомарттык, колу ачыктык мүнөзүбүздүн сакталып, кийинки муунга жеткендигин, кыйынчылык учурда жардамга келип, мамлекетке колдоо көрсөтүүгө даяр мекенчилдиктин белгиси.
Дал ушундай иш-аракеттер биздин коомубузду бириктирип, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өбөлгө болот.
Мен сиздерге Ата Мекенди өнүктүрүүгө кошкон салымыңыздар үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем.
Биз, буюрса, туруктуу өнүгүү жолуна чыга алдык.
Ошентсе да алдыда көптөгөн кыйынчылык жана азыркы замандын чакырыктары турганы белгилүү. Мындай татаал жолдо күтүлбөгөн ар кандай опурталдуу иштер болуп кетиши мүмкүн.
Биз аларды жеңип чыгышыбыз керек!
Биз ар дайым ынтымактуу бололу, биримдигибизди бекем сактайлы.
Ичтен иритүүнү, сырттан чиритүүнү каалаган бузукуларга, көралбастарга азгырылбайлы.
Эң башкысы –мамлекетибиз өнүгүп, өлкөбүз чыңдалышы керек!
Жалпы журтубуз биримдиктүү, элибиз ынтымактуу болсо, биз бардык оор сыноолорду жеңип чыгабыз!
Көңүл бурганыңыздарга ыракмат!”
Пикир
Оставить комментарий