• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды

Президент 0

Бишкек, 03.05.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы бүгүн, 3-майда Кыргызстандын Ысык-Көл областына эки күндүк жумушчу сапар менен барды.

Сапардын алкагында жергиликтүү жашоочулар менен жолугушат, курулуп жаткан социалдык жана инфраструктуралык объектилер менен таанышат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына киришкенден бери Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапар менен Нарын облусунун Жумгал жана Кочкор райондорунда, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда болгон.

Пикир

Оставить комментарий