• 86.79
  • 90.83
  • 0.84

Президент Куралдуу Күчтөрдүн Аскер институтун күтүүсүз текшерүүгө алды

Президент 0

Бишкек, 20.12.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда, К. Усенбеков атындагы Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик институтун күтүүсүз текшерүүгө алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы өлкөнүн жогорку аскердик окуу жайынын ишмердүүлүгү жана абалы, окуу процессинин уюштурулушу, аскер кадрларын даярдоо методикасы, аскердик кызматтын коопсуздугу жана курсанттардын социалдык-турмуштук шарттары менен таанышты.

Текшерүүнүн жыйынтыгында президент Садыр Жапаров, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, профессордук-окутуучулук курамдын жогорку кесиптик билимин жана компетенттүүлүгүн камсыз кылуу, аскердик уставдын талаптарын так сактоо жана аткаруу, ошондой эле, Аскер институтунун курсанттарынын социалдык-турмуш шарттарын жакшыртуу маселелерин тез арада чечүү сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий