Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. “Бүгүнкү күндө прокуратура органдары бирдиктүү, борборлоштурулган система катары жарандардын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылууда, КР Конституциясынын жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөдө негизги ролду ойнойт”, - деп президент Садыр Жапаров Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада белгиледи.
Иш-чара прокуратура органдарынын тарыхы жана калыптанышы тууралуу кыска даректүү тасманы көрсөтүү менен башталды.
Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:
“Прокуратура органдарынын урматтуу кызматкерлери жана
кадырлуу ардагерлери!
Ардактуу мекендештер жана бүгүнкү салтанаттын меймандары!
Мындан туура 100 жыл мурун азыркы мамлекетибиздин өзөгү болгон Кара-Кыргыз автоном облусу, аны менен бирге бүгүнкү бир топ мамлекеттик органдарыбыз түзүлгөн. Быйыл ошол Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгы менен кошо, бир катар мамлекеттик органдар дагы кылым баскан мааракесин салтанаттуу белгилешүүдө. Мына ошол органдардын ичинде кыргыз прокуратурасы дагы бар. Андыктан, оболу мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылган орган кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын түзүлүшүнүн 100 жылдык мааракеси жана бүгүнкү кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктаймын!
Кыргыз эли байыртадан эле адилеттүүлүктү туу тутуп, уул-кыздарын жаштайынан чынчыл, калыс, адептүү, ыймандуу, эң башкысы элин-жерин сүйгөн мекенчил атуул кылып тарбиялоого умтулушкан. Тарбия берүү жалаң гана үй-бүлөнүн же ата-эненин милдети эмес, коомдун же элдин жалпы милдети болуп саналган. Жаштарды эр жүрөк, тайманбас, кайраттуу, сөз багып, нарк сактап, адилет болууга тарбиялап, таптап келишкен. Бара-бара алардын арасынан эң мыктысына коомдо тартипти, үрп-адатты, салт-санааны сактоочу милдет тапшырылган. Элибизде мындай эрежелерди эл жакшылары, уруу аксакалдары аткарып келгендигин басып өткөн тарыхыбыз тастыктап турат. Ал эми бүгүнкү күндө бул милдетти прокуратура органдары аткарууда.
“Прокуратура – мыйзам сакчысы!” деген таасын сөз журтубузга сиңип, кеңири айтылып келатат. Себеби кылым карытып, далай кысталыш замандарды баштан кечирген кыргыз прокуратурасы түзүлгөн күндөн тартып эле мамлекеттин жана коомдун укуктук негиздерин бекемдөөгө чоң салым кошуп келди.
Мындан 100 жыл мурун 1924-жылдын 22-ноябрында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун Революциялык комитетинин президиумунун токтому менен облустук сот жана облустук прокуратура түзүлгөн экен. Мына ушул күн - Кыргызстандын прокуратурасы түзүлгөн дата катары тарыхта калып, бүгүнкү күнгө чейин белгиленип келе жатат.
Ошол кыргыз прокуратурасы түзүлгөндөн кийин Кара-Кыргыз автоном облусунун алгачкы прокурору болуп Михаил Безносиков дайындалган.
Кийинки жылы Алексей Дорогов (1925), андан соң Вельт Ян (1925–1927) бул абыройлуу кызматка келишкен. Ал эми 1927-жылы юстициянын элдик комиссары, 1916-жылдагы көтөрүлүштүн жана 1917-жылы уюштурулган «Букара» кедей-кембагалдар союзун катышуучусу Таш Кудайбергенов алгачкы кыргыз прокурору болуп дайындалган. 1929-1933-жылдарды бул кызматты Искендер Жоломанов аркалаган. Мына ушул аталарыбыз мыйзам сакчылыгына алгачкы чыйыр жолду салып берген деп сыймыктануу менен айтсак болот.
Өлкөбүздө совет бийлигинин калыптануу учурунда, кыргыз прокуратурасы республиканын аймагында бирдиктүү мыйзамды бекитүүдө өзгөчө ролду ээлеген. Архивдик материалдар, адабий булактар күбөлөгөндөй, прокуратура органдары эмгек келишимдеринде жөнөкөй катмардын укуктарынын сакталышын текшерген, мал уурдоочулук, пара алуучулук, акча жыйноочулук, шайлоо укугун бузуулар менен күрөшкөн, жумушчуларды шайлоого катыштырбаган фактыларды аныкташкан.
Согуш, согуштан кийинки мезгилдерде республиканын прокуратура органдары зор агартуучулук иштерин жүргүзүү менен бирге сабатсыздыкты жоюуда өзгөчө чоң салымын кошуп, мыйзамды жайылтуу иштерин аткарышкан.
Улуу Ата Мекендик согуш жылдары бардык тармактын, анын ичинде аймактык прокуратуралардын иш-аракеттери аскердик нукка бурулган. Республиканын аймагында кылмыш иштери курчуп, куралданган бандиттик топтор, аскерден качкан дезертирлер тарабынан мамлекеттин мүлкүнө кол салуу жана башка кылмыштар көбөйгөн кыйын шарттарда да прокуратура органдарында иштегендер ак ниеттүүлүгүн, чыдамкайлыгын жана кесипкөйлүгүн көргөзө алышкан. Мамлекетибиздин тарыхындагы өзгөчө оор кырдаалда прокуратура кызматкерлери жүктөлгөн милдеттерин татыктуу аткарып, согуш учурундагы мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти камсыз кылууга багытталган ишмердүүлүгү Улуу Жеңишке жетүүгө чоң салым болгон десек жаңылышпайбыз. Кан күйгөн согуш учурунда согушка катышкан прокуратура органдарынын кызматкерлери көп болгон. Алардын катарындагы Калыйнур Үсөнбеков, Шейшеке Акаев жана Александр Сатаровдордун ишмердүүлүгүн өзгөчө баалай кетсек болот.
Улуу Ата Мекендик согуштан кийин, көз карандысыз мамлекет болгонго чейин кыргыз прокуратурасынын тарыхында бир топ чоң өзгөрүүлөр жана бурулуштар болду.
1990-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик суверендүүлүгү жөнүндө” декларациясы кабыл алынгандан кийин прокурорлор өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууда бир дагы мамлекеттик органга көз каранды болбой, Кыргыз Республикасынын Жогорку Советине жооптуу болуп, отчёт бере баштаган.
Натыйжада прокуратура органдары ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүгүнө, мамлекеттик бийлик органдарынын тутумундагы ээлеген ордуна жараша, Кыргыз Республикасынын Конституциясында өзгөчө макамга ээ орган катары бекитилген.
Ошентип, өзүнүн 100 жылдык басып өткөн жолунда “Мыйзамдар биз менен, биз мыйзамдар менен күчтүүбүз!” деген ураан алдында кыргыз прокуратурасы далай кыйынчылыктарды башынан кечирип, мамлекетибиздеги болгон бардык өзгөрүүлөрдү жон терисинен өткөргөн. Мындан улам бүгүнкү мамлекетибиздин укуктук жактан калыптанышынын жигердүү катышуучусу болгон десек дагы жаңылышпайбыз.
Бүгүнкү күндө прокуратура органдары бирдиктүү, борборлоштурулган система катары жарандардын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылууда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөдө негизги ролду ойнойт.
Укук коргоо органдарынын ишин координациялоо менен бирге, прокуратура кылмыштуулукка, коррупцияга каршы күрөшүп, өлкөдө мыйзамдуулуктун, акыйкаттуулуктун үстөмдүгүн орнотуп, укук тартибин чыңдоо жаатында талыкпастан аракеттенип келе жатат.
Ушу тапта прокуратура органдары натыйжалуу иш алпарууда десек болот. Мыйзамдардын аткарылышы боюнча жалпы көзөмөл багытында 20 миндей укук бузууларды аныктап, аларды калыбына келтирүү боюнча прокурордук чара көрүү актыларын киргизип, жарандарыбыздын укуктарын коргоп, мамлекеттке келтирилген миллиарддаган зыяндардын ордун толтурууга чоң салым кошууда. Сиздер алдыңыздарга коюлган милдеттерди мындан да ыкчам жана сапаттуу аткарасыздар деп ишенем.
Урматтуу жыйын катышуучулары!
Өлкөбүздө масштабдуу кайра куруулар ишке ашырылып, укуктук мамлекеттин негиздери ырааттуулук менен бекемделип жаткан шартта прокуратуранын ролу жана мааниси өсүүдө.
Акыркы жылдарда прокуратура органдарынын ишин өркүндөтүү үчүн көп иштер жасалды. Жөнөкөй адамдардын укуктарын, мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо боюнча алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Терроризмге, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш күчөтүлдү. Мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн колдоодон улам, прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасы бекемделип, кызматкерлердин социалдык шарттары жакшыртылды.
Кыргыз Республикасынын укуктук саясатын өркүндөтүүдө жана өнүктүрүүдө прокуратуранын ролун белгилебей коюуга болбойт.
Президенттик кызматка келгенимде коомчулукта мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылуу, башкача айтканда, прокуратуранын ролун жогорулатуу боюнча берген тапшырмамдын негизинде Башкы прокуратуранын жетекчилиги астында жаңы Кылмыш-жаза, Жазык-процесстик кодекстери жана “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” конституциялык мыйзам кабыл алынды.
Ал эми атайын Жарлык менен бекитилген 2023-2026-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын укуктук саясатынын концепциясында прокурордук көзөмөл мыйзамдарды тутумдуу талдоо менен тыгыз байланышта экендиги айтылып, прокуратура мамлекеттик орган катары колдонуудагы ченемдик-укуктук актылардын карама-каршылыктарына, толук эместигине жана башка кемчиликтерине саресеп салары баса белгиленген.
Ошондой эле быйыл 2025-2030-жылдарга карата мамлекеттик органдар тарабынан коррупциянын алдын алуунун натыйжалуу механизмдерин колдонуу жана коррупцияны минималдаштыруу боюнча туруктуу натыйжаларга жетүүгө багытталган чаралар комплексин ишке ашыруу максатында Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия бекитилди.
Тизмектелген иш-аракеттердин натыйжасында кылмыштуулукка, анын ичинде коррупцияга каршы тынымсыз күрөш жүргүзүү коомдо жаңы маанайды: мыйзамдын күчүнө жана адилеттикке болгон ишенимди жаратты. Мыйзамды бузуп, мамлекеттик түзүлүшкө зыян келтирген кызмат адамдарына карата прокуратуранын иштиктүү чара көрүүсү көңүл бурууга арзыйт.
Башкы прокуратура ишмердигинин негизги багыттарында учур чакырыктарына өз убагында жооп кайтаруунун маанилүүлүгүн эске алуу менен санариптештирүү, анын ичинде “Кылмыштардын бирдиктүү реестри” жана “Укук бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системаларынын толук кандуу жана туруктуу ишин камсыз кылып келатканын баса белгилеп кетейин.
Прокурордук көзөмөлдүн так жүргүзүлүшү менен бүгүнкү күндө жеке ишкерлердин мыйзамдуу кызыкчылыктары ишенимдүү корголууда десек болот. Ошол эле учурда бюджеттен уурдалган миллиондор мамлекетке кайтарылууда.
Урматтуу прокурорлор!
Бардык жарандардын мыйзам алдында бирдейлигин камсыз кылганда гана мамлекетке адилеттүү, демократиялуу жана укуктуу мамлекет деп баа берилет. “Күч кайсы тарапта болгону маанилүү эмес, мыйзам кайсы тарапта экени эң маанилүү” деген сөз бекеринен айтылбаган чыгар. Биздин Баш мыйзамыбызга ылайык, аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамдардын так аткарылышын, укук коргоо органдары мыйзамдарды так сакташын көзөмөлдөө – сиздердин артыкчылыктуу милдетиңиздер!
Баарыбызга маалым, Баш мыйзамга ылайык, адам укуктары менен эркиндиктери Кыргыз Республикасынын баалуулуктарына кирет. Сиздер карапайым жарандардын укуктарын жана мамлекеттин кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоого, Кыргызстанда укук талаасынын бирдиктүүлүгүн камсыз кылууга жетишип, терроризмге, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө тийишсиздер.
Мен сиздерди жарандардын, айрыкча, калктын социалдык жаткан аялуу катмары тууралуу кеп болгондо, алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын этибарга албоо фактыларына ыкчам, так жана токтоосуз жооп кайтарууга чакырам!
Албетте, мунун бардыгы прокурорлордон жогорку кесипкөйлүктү, күчтүү эркти, бекемдикти жана принциптүүлүктү талап кылат. Ар бириңиздердин көкүрөгүңүздөрдө “кылмыштуулукка каршы күрөштө жана коомдун аң-сезиминде кылмыш ишин козгоодо ылгап мамиле жасоого жол берилбейт!” деген принциптер бекем орношу керек!
Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө катуу болушу кажет, ошол эле учурда адилеттүү да болууга тийиш. Ар бир кылмыш ишинин артында адам тагдыры турганын эч качан эстен чыгарбагыла! Ар бир кыргыз жаранын урматтоо, анын укуктары менен эркиндигин камсыз кылуу кыргыз прокуратура органдарынын ишмердигиндеги артыкчылыктуу милдеттерден болушу зарыл.
Кыргызстандын прокуратура органында өз катарында коррупцияга жол бербеген, тазаланууну камсыз кылган, кесипкөй кадрларды кынтыксыз тандай алган, таза, ак ниет кызматкерлерди өстүрө билген мыкты система түзүлүшү керек!
Мыйзам таянычына айланган урматтуу прокурорлор!
“...Кесиптик ар-намысты жогору кармоого, сатылбастыктын, моралдык жактан тазалыктын, жөнөкөйлүктүн үлгүсү болууга” берген антыңарга бекем туруп, эл-журтка, Мекенибизге – Кыргызстанга ак кызматыңарды улантасыңар деп бекем ишенем.
“Мыйзамдын ишенимдүү сакчылары” деген ардактуу наам ар дайым силердин жооптуу ишиңерге күч-кубат, шык-дем берип турсун!
Прокуратура органдарынын бардык кызматкерлерине чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай жана албан-албан ийгиликтерди каалайм.
Дагы бир ирет 100 жылдык мааракеңиздер жана бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктаймын!”
Иш-чара Кыргызстандын прокуратура органдарынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган концерттик программа менен уланды.
Пикир
Оставить комментарий