• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Францияга барат

Президент 0

Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Франциянын президенти Эмманюэль Макрондун чакыруусу менен 25-27-июлда Францияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Алдыда боло турган сапардын алкагында 25-июлда президент Садыр Жапаровдун “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк - жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы Париж саммитине катышуусу пландалган.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын балдардын ден соолугуна жана билимине, спортчулардын келечегине жана кийинки муундарына берилгендигин ырастайт.

26-июлда Президент Садыр Жапаров XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышат”, - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Пикир

Оставить комментарий