• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Президент өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамга кол койду

Президент 0

Бишкек, 15.06.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 24-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагын калыптандырууну жана иштешин укуктук жөнгө салуудагы боштуктарды четтетүүгө, Кыргыз Республикасындагы биологиялык түрлөрдү жана экосистемаларды сактоону жана көбөйтүүнү талап кылган өзгөчө корголуучу уникалдуу жаратылыш комплекстеринин сакталышына, бүтүндүгүнө жана экологиялык маанисине укуктук кепилдиктерди түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө”, “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө” КР мыйзамдарынын ченемдерин колдонуунун бирдиктүү механизмин түзүүгө багытталган.

Кабыл алынган мыйзамда төмөнкүлөр каралган:

– курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалына байкоо жүргүзүүнүн стационардык пункттары жайгаштырылганы, ошондой эле мамлекеттик заказниктер (комплекстүүлөрдөн тышкары) жана экологиялык коридорлор түзүлгөн учурда жер участогун максаттуу багыты боюнча эмес пайдаланууга жол берүүсү каралган;

– өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин курамы мамлекеттик биосфералык коруктар, трансчегаралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусу берилген мөңгүлөр жана кар күрткүлөрү, микрокоруктар, геопарктар, жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биосфералык аймактардын жана/же резерваттардын өзөк зоналары менен толукталды;

– Кызыл китеп жөнүндө жобо КР Министрлер кабинети тарабынан бекитүүсү каралган;

– Кыргыз Республикасында жаратылыш комплекстерин жана объекттерин сактоо максатында түзүлүүчү өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тизмеси каралган;

– өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, анын ичинде курчап турган жаратылыш чөйрөсүнүн абалына байкоо жүргүзүүнүн стационардык пункттарын түзүү үчүн зарыл болгон курулмаларды куруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон ченемдер каралган;

– чарбалык иш чектелген зонада жеңил (капиталдык эмес) конструкцияларды гана куруу жүзөгө ашырылуучу жоболор каралган;

– Геологиялык парктарды түзүүнүн жана иштетүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталары каралган;

– Мөңгүлөргө жана кар күрткүлөрүнө өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусун берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан тарабынан бекитүүсү каралган;

– калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн суу чарба курулуштарын куруу үчүн өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерин берүү жерлердин башка категориясына которбостон (трансформациялоосуз) жүргүзүлөөрүнө ылайык ченемдер каралган;

– аңчылык жерлердин курамына кирбеген аймактардын тизмеси, анын ичинде өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, геологиялык жана мамлекеттик жаратылыш парктары менен толукталды.

Пикир

Оставить комментарий