• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү узартылды

Коом 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Сот Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтүн узартты.

Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Биринчи май райондук сотунун 2024-жылы 24-июндагы токтому менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсүнүн арызы канаттандырылды.

Ошентип, айыпталуучунун камактагы мөөнөтү тергөө учурунда, башкача айтканда 2024-жылдын 26-августуна чейин узартылды.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Р. Матраимовго карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси ("Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу") жана 222-беренесиндеги ("Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)" белгилери боюнча кармалганын билдирген.

Кармоо иштери 25-мартта Азербайжандын аймагында жүргүзүлүп, аны менен кошо бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимовдор дагы кармалган.

Белгилей кетсек, Райымбек Матраимов жок кылынган "мыйзамдагы ууру" Камчы Асанбек (Көлбаев) менен тыгыз байланышта болгон жана бажы кызматынын кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий