• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин борборунда эки гүлбакча пайда болот

Коом 0

Бишкек, 08.06.23./Нурзат Жумалиева - Кабар/. Бишкектин борборунда эки гүлбакча пайда болот.

Муниципалитеттен билдиришкендей, гулбакчалар Түгөлбай-Ата көчөсүнүн Раззаков көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгүнө, ошондой эле Түгөлбай-Ата жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишине уюштурулмакчы.

Мындай чечим Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын, Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин, «Бишкекбашкыахитектура», «Бишкекжашылчарба» ишканаларынын жана №12 МАБдын өкүлдөрү катышкан көчмө жыйын учурунда кабыл алынды.

Катышуучулар жарандардын эс алуу жайларын куруу үчүн муниципалдык жер тилкелеринин аймагына деталдуу талдоо жүргүзүүнү чечишти.

Пикир

Оставить комментарий