• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Республикада өрттүн саны 30,6%га азайган - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 15.06.20. /Кабар/. 2020-жылдын 5 ай ичинде республика боюнча 828 өрт кырсыгы катталып (2019-жылы 1193), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 30,6%га азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 8 адам каза таап (2019-жылы 26 адам), жана 12 адам жабыркаган (2019-жылы 33). Өрттөн 21 адам куткарылган. 529 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 63,9 %ын түзгөн.

Өрттөрдүн негизги себептери:

  • электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан -43,1%;
  • мештерди жана морлорду этиятсыз колдонууда – 15,7%;
  • отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 14,6%;
  • балдардын от менен ойноосунан – 4,8%, өрт кырсыгы болду.

Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:

  • Бишкек шаарында 141;
  • Чүй облусунда 215;
  • Ош облусунда 111;
  • Жалал-Абад облусунда 102;
  • Ысык-Көл облусунда 103;
  • Нарын облусунда 40;
  • Талас облусунда 38;
  • Ош шаарында 23;
  • Баткен облусунда 55 өрт катталган.

Пикир

Оставить комментарий