• 87
  • 89.63
  • 0.85

Атомдук энергияны тынчтык максатта пайдалануу. КМШ мамлекеттеринин жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. Күн мурун Россиянын Нижний-Новгород шаарында Атомдук энергияны тынчтык максатта пайдалануу боюнча КМШга мүчө-мамлекеттердин комиссиясынын XXV мааракелик жыйыны өттү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө комиссия төрагалыгы Кыргызстанга өткөрүп берилди.

Жыйында 2024-жыл ичинде аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарылып, 2021-2024-жылдары Атомдук энергияны тынчтык максатта пайдалануу боюнча Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн комиссиясынын ишмердүүлүгү боюнча отчету жактырылды.

Андан соң, аймактарда уран өндүрүүдөгү калдыктарды рекультивациялоо боюнча мамлекеттер аралык иш-чаралардын аткарылышы боюнча баяндама угулуп, КМШга мүчө мамлекеттердин атомдук энергия тармагындагы кызматташуусун мындан ары өнүктүрүүгө багытталган документтер жана бир катар актуалдуу маселелер, ар тараптуу кызматташуунун көйгөйлөрүн чечүү, инфраструктура, ошондой кадрларды даярдоо маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий