• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Сүйүнчү! Бишкекте үч эм төрөлдү

Коом 0

Бишкек, 27.06.23./Кабар/. 20-июнда Бишкектеги шаардык перинаталдык борбордо үч эм жарыкка келди, бир уул жана эки кыз. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, биринчи наристе 1 кг 400 гр, ал эми кыздар 1 кг 740 гр жана 1 кг 690 гр салмакта төрөлгөн.

Бул 33 жаштагы Чүй облусунун тургунун экинчи кош бойлуулугу. Наристелер төрөт маалынан мурда 33-жумада болгон.

Төрөлгөндө ымыркайлар 3 күн реанимация жана интенсивдүү терапия шартында болуп, абалы турукташкандан кийин 2023-жылдын 23-июнунда жаңы төрөлгөн ымыркайлардын экинчи этаптагы кам көрүү бөлүмүнө которулган.

Учурда апасынын жанында дарыланууну улантышууда.

Пикир

Оставить комментарий