Садыр Жапаров "Жаңы кадам" жалпы республикалык кеңешмеге катышат

Президент 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда "Жаңы кадам" социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеге катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага "Социалдык контракт" программасынын мыкты катышуучулары, ошондой эле өз демилгеси менен өз жамааттарын өнүктүрүүгө инвестиция салган жарандар чогулат.

"Социалдык контракт" программасы муктаж үй-бүлөлөргө колдоо механизми катары президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ашырылууда.

Иш-чара УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

Түз алып берүү саат 10:00дө башталат.

Пикир

Оставить комментарий