• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Сак болгула! Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшөт

Коом 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-декабрдан 15-декабрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан кар жана жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-110-чакырымдарында, Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-48 жана 74-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий