• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстандын алты облусунда күзгү-кышкы ным топтоо сугат иштери аяктады

Коом 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын алты облусунда күздүк айдоо астындагы жана күзгү-кышкы ным топтоо сугат иштери аяктады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет.

Учурда бир гана Баткен облусунда иштер уланууда.

1-декабрга карата жалпы суу булактарынан суу алуу план боюнча 8 миң 348,6 млн. кубметр, ал эми иш жүзүндө 8 миң 61,5 млн. кубметр же болбосо 97% аткарылган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 171,6 млн. кубметрге көп.

Сугатка суу берүү план боюнча 6 миң 74,9 млн. кубметр болсо, иш жүзүндө 5 миң 656,3 млн.м3 же болбосо 93% аткарылган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 170,1 млн.м3 көп.

Бардык сугарылган аянт план боюнча 3872,9 миң га болсо, иш жүзүндө 3524,2 миң гектарды түзөт.

• Баткен облусу боюнча сугатка суу берүү планда 601,1 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 609,3 млн.м3, план 101 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 430,8 миң га болсо, иш жүзүндө 415,8 миң га, же болбосо 97 % аткарылган.

• Ош облусу боюнча сугатка суу берүү планда 1074,2 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 999,4 млн.м3, план 93 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 692,3 миң га болсо, иш жүзүндө 647,2 миң га, же болбосо 93% аткарылган.

• Жалал-Абад облусу боюнча сугатка суу берүү планда 906,3 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 913,9 млн.м3, план 101 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 549,6 миң га болсо, иш жүзүндө 554,5 миң га, же болбосо 101 % аткарылган.

• Ысык-Көл облусу боюнча сугатка суу берүү планда 520,2 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 502,0 млн.м3, план 97 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 355,5 миң га болсо, иш жүзүндө 336,4 миң га, же болбосо 95 % аткарылган.

• Нарын облусу боюнча боюнча сугатка суу берүү планда 594,5 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 565,7 млн.м3, план 95 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 303,6 миң га болсо, иш жүзүндө 251,3 миң га, же болбосо 83 % аткарылган.

• Чүй облусу боюнча боюнча сугатка суу берүү планда 1645,0 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 1391,2 млн.м3, план 85 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 1170,7 миң га болсо, иш жүзүндө 994,5 миң га, же болбосо 85 % аткарылган.

• Талас облусу боюнча боюнча сугатка суу берүү планда 733,5 млн.м3 каралган болсо иш жүзүндө 674,8 млн.м3, план 92 % аткарылган. Баардык сугарылган аянт план боюнча 370,4 миң га болсо, иш жүзүндө 324,5 миң га, же болбосо 88 % аткарылган.

Пикир

Оставить комментарий