Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Бишкек жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир сааттын аралыгында жана кечинде катуу шамал болуп, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.
Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырууда.
Пикир
Оставить комментарий