• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Саламаттык сактоо министри кызамык, КРВИ жана сасык тумоо боюнча ыкчам жыйын өткөрдү

Ден соолук 0

Бишкек, 11.01.25. /Кабар/. Бүгүн, 11-январда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп, анда кызамык, курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо боюнча учурдагы эпидемиологиялык абал талкууланды.

Ведомстводон билдиришкендей, жыйынга саламаттыкты сактоо уюмдарынын жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтын жетекчилери, ошондой эле облустук саламаттыкты сактоо координаторлору катышты.

Жыйындын жүрүшүндө министр оорунун деңгээли жана инфекциялардын жайылышына каршы чаралар тууралуу ыкчам маалыматтарды укту.

Талкуунун жыйынтыгында Алымкадыр Бейшеналиев бир катар тапшырмаларды берди:

  • Республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине;
  • Саламаттыкты сактоонун областтык координаторлоруна жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна Саламаттык сактоо министрлигинин курч респиратордук вирустук инфекциялардын, сасык тумоонун жана кызамыктын алдын алуу боюнча буйруктарынын аткарылышын жеке көзөмөлгө алуу, ошондой эле калктын кеминде 95%ын вакцина менен алдын ала турган инфекцияларга каршы эмдөө менен камсыз кылуу тапшырылды.

Ошондой эле кызамыкка шектелген бейтаптарды тез арада изоляциялоо үчүн курч респиратордук вирустук инфекциялардын белгилери бар бейтаптарга өзгөчө көңүл буруу менен ооруканалардын кире беришинде сорттоону күчөтүү.

Мындан тышкары, 1 жашка чейинки балдар жаткан балдар бөлүмдөрүнө жана төрөт үйлөрүнө кирүүгө тыюу салынып, ооруканалардагы бейтаптарга келгендерге чектөө коюлсун.

Кабыл алуу бөлүмдөрүндө күтүү убактысын кыскартуу үчүн кошумча медициналык кызматкерлерди тартуу.

Муну менен катар Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору курч респиратордук вирустук инфекциялардын, сасык тумоонун алдын алуу, эмдөөнүн маанилүүлүгү боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтсүн. Буга диний лидерлерди, коомчулуктун лидерлерин жана педагогдорду тартуу.

“Министр калктын саламаттыгын сактоо жана инфекциялардын андан ары жайылышын алдын алуу үчүн бардык чараларды тез арада ишке ашыруу керектигин баса белгиледи”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий