• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун, медицина борборлорун каржылоого 2 млрд 860,3 млн сом сарпталган

Ден соолук 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата баштапкы медициналык санитардык жардам көрсөткөн саламаттык сактоо мекемелерин каржылоого 2 млрд 860,3 млн сом сарпталды.Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева билдирди.

"Баштапкы медициналык санитардык жардам көрсөткөн мекемелерди каржылоо үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда, үй-бүлөлүк медицина борборунда катталган калктын санына жараша ишке ашырылат. 2020-жылы баштапкы медициналык санитардык жардам көрсөткөн мекемелерди каржылоого (6 млн 138 миң 940 адамды тейлөө үчүн) 4 млрд 274 млн сом каралган. Бүгүнкү күнгө карата баштапкы медициналык санитардык жардам көрсөткөн мекемелерди каржылоого 2 млрд 860,3 млн сом сарпталган. Анын ичинде стоматологиялык бейтапкана жана медициналык тез жардам кызматы үчүн", - деди ал.

Анын айтымында, фонд келишимдик негизде 231 мамлекеттик саламаттык сактоо мекемесин каржылайт: анын ичинде 99 стационар, 30 жалпы дарыгерлик практика борбору, 49 үй-бүлөлүк медицина борбору, 17 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 34 стоматологиялык бейтапкана, Бишкек жана Ош шаарларында эки тез жардам станциясы бар.

Пикир

Оставить комментарий