• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Салык кызматы мыйзамсыз жүгүртүүдөн 53 тонна күйүүчү май тартып алды

Коом 0


Бишкек, 28.07.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Чүй жана Ош облустарында рейддик салык контролун жүргүзүүдө мунайзаттарды мыйзамсыз сактоо, алып өтүү жана сатуу фактыларын аныкташты.

Ведомстводон билдиришкендей, жалпысынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 53 миң 260 литр күйүүчү май тартып алынды.

Тактап айтканда, Ош облусунун Өзгөн районундагы май куюучу жайдын аймагынан Салык кызматынын контролдук пломбасы өз алдынча алынган 36 миң 260 литр көлөмүндөгү дизелдик отун ташыган автоунаа табылган. "ЭТТК" системасына ылайык, бул продукция Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы кампадан Нарын облусунун Жумгал районуна жеткирилиши керек болчу, андыктан Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында болбошу керек болчу.

Чүй облусунун Москва районунда күйүүчү майларды сатууга жана сактоого уруксат берүүчү документтери жок май куюучу жайлар орнотулуп, анда 11 миң литр мунайзат продукциясы катталган.

Ошол эле райондо күйүүчү материалдарды сатууга жана сактоого уруксат берүүчү документтери жок отун таратуучу колонна табылган. Текшерүү учурунда колоннада 6 миң литр күйүүчү май болгон.

Мыйзам бузуулардын материалдары юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Салык кызматы бардык ишкердик субъекттери тарабынан салык мыйзамдарынын ченемдери сакталышын камсыз кылуу максатында, мунайзаттарды мыйзамсыз сактоону жана сатууну аныктоо иштерин улантууда.

Пикир

Оставить комментарий