Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы үч айдын аралыгында салык отчетун бербеген салык төлөөчүлөрдү издөө жана кыскартуу боюнча белгилүү бир иштерди жүргүздү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын декабрында, 2022-жылдын январь-февралында салык органдары тарабынан салык отчетторун бербеген ишкер субъекттерди мажбурлап жоюу үчүн сотко 1 миң 471 доо арызы берилген. Алардын ичинен 783 юридикалык жак жана 688 жеке ишкер. Соттор тарабынан 284 иш каралды.
Азыркы учурда сотко өткөрүп берүү үчүн 5 миң 576 салык төлөөчүгө карата материалдар даярдалып жатат.
Мындан тышкары, Салык кызматы патенттин негизинде иш жүргүзгөн жана 3 жылдан ашык патент албаган 9381 жеке жактын каттоосун жокко чыгарды.
Мамлекеттик салык кызматы отчет бербеген же патент албаган субъекттерди кыскартуу боюнча ишти улантат.
Пикир
Оставить комментарий