• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Салык кызматы: Жети айда 5,6 млрд сом жашырылган салыктар кошумча эсептелди

Экономика 0

Бишкек, 22.08.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын январь-июль айларындагы салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бюджетке 5 млрд 685,2 млн сом өлчөмүндө салыктын төмөндөтүлгөн (жашырылган) суммасын кошумча эсептеди.

Ведомствонун маалыматына караганда, анын ичинде камералык текшерүүлөрдү жүргүзүүдө 3 млрд 656,9 млн сом, көчмө текшерүүлөрдө 2 млрд 28,8 млн сом суммасында салык бузуулар аныкталган.

Ошондой эле салыктык текшерүүлөрдүн материалдары боюнча келип түшүүлөр (өткөн мезгил үчүн актылар боюнча төлөмдөрдү кошкондо) 3 млрд 809 млн сомду түздү.

Мындан сырткары, Салык кызматы 2024-жылдын 7 айында укук коргоо органдары менен биргелешкен салык текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча бюджетке 462,7 млн сом өлчөмүндөгү салыктын төмөндөтүлгөн (жашырылган) суммасын кошумча эсептеди.

Пикир

Оставить комментарий