Бишкек, 15.01.25. /Кабар/. Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы "Туратали" базарынын ишкерлери менен жолугушту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө ири жана чакан бизнеске салык салуу, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды колдонуу, ошондой эле ишкердик үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелери талкууланды.
Ал мындай жолугушуулардын башкы максаты ишкерлердин көйгөйлөрүн угуу жана бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көмөктөшүү экендигин белгиледи. Мында ишкерлердин кызыкчылыктарын эске алган сапаттуу жана адилеттүү мыйзамды түзүүдө ишкерлер тарабынан айтылган сунуштар жана кемчиликтер эске алынаарын айтты.
"Биздин максатыбыз – мамлекет үчүн да, бизнес үчүн да ыңгайлуу мыйзамдарды түзүү. Бул ири салык төлөөчүлөр тарабынан салык төлөөдөн качууну кыскартууга жана чакан жана орто бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылууга мүмкүндүк берет", - деп белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.
Салык кызматынын башчысы КР президенти өз жарлыгында салык төлөөчүлөр, анын ичинде бизнес-коомчулугу туш болгон бир катар көйгөйлөрдү жоюуну тапшыргандыгын эскертти.
Ишкерлерге салыктык башкаруудагы пландаштырылып жаткан реформалар, салык төлөөчүлөр үчүн жөнөкөйлөтүүлөрдү жана жакшыртууларды киргизүү тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле бизнестин кайсы категориялары электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды милдеттүү түрдө колдонуудан бошотулаары такталды.
Жолугушуунун катышуучулары өз кезегинде салык милдеттенмелерин аткарууда туш болгон кыйынчылыктар менен бөлүшүп, салыктык башкарууну жакшыртуу боюнча өздөрүнүн сунуштарын айтышты.
Ошондой эле иш сапардын алкагында Салык кызматынын төрагасы Кара-Суу райондук жана Ош шаардык салык кызматынын аймактык башкармалыктарына, Ош шаардык Ишкерлерди тейлөө борборуна барды. Иш сапардын жүрүшүндө ал Салык кызматынын кызматкерлери жана салык төлөөчүлөр менен жолугушуп, иштин шарттары менен таанышты.
Пикир
Оставить комментарий