• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Салык төлөөчүнүн кабинетинде ЭТТК модулу жаңыртылды – МСК

Коом 0

Бишкек, 15.07.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы «Салык төлөөчүнүн кабинетиндеги» ЭТТК модулунун интерфейсинин дизайнын өзгөрттү. Бул тууралуу Мамлдекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Салык төлөөчүнүн кабинетинин» интерфейсинин дизайнын жаңыртуу менен ЭТТК модулунда колдонуучу тажрыйбасын жеңилдетүүгө жана жакшыртууга багытталган өзгөртүүлөр киргизилген.

Модулдун жаңы көрүнүшү заманбап жана интуитивдүү түшүнүктүү болуп, салык төлөөчүлөр үчүн ЭТТК менен иштөөнү жеңилдетет.

Мындан тышкары, XML форматындагы пакеттик жүктөө үчүн өзүнчө бөлүм кошулган.

Колдонуучулардын ыңгайлуулугу үчүн ЭТТК боюнча тааныштыруучу видеороликтер даярдалган, алар Салык кызматынын расмий сайтында, YouTube-каналында жана расмий социалдык баракчаларында жеткиликтүү.

Кошумча жардам же консультация алуу үчүн аймактык салык органдарына кайрылууга же ЭТТК боюнча жооптуу кызматкерлер менен байланышууга болот. Байланыш маалыматы Салык кызматынын сайтында жайгаштырылган.

Мындан тышкары, ЭТТК модулунун «Салык төлөөчүнүн кабинетиндеги» өзгөртүүлөр жана жаңыртуулардын толук тизмеси менен ЭТТК модулунун колдонуучунун колдонмосунан таанышууга болот.

Пикир

Оставить комментарий