• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкекте бүтүрүүчүлөр үчүн артыкчылыктуу кесиптердин фестивалы өттү

Коом 0

Бишкек, 26.04.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте мектеп бүтүрүүчүлөрүн суроо-талапка ээ кесиптер менен тааныштыруу, колледжди же лицейди тандоодо жардам берүү, окутуунун өзгөчөлүктөрүн билүү максатында артыкчылыктуу адистиктердин жана кесиптердин фестивалы өткөрүлдү.

Иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында уюштурулган.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу бүтүрүүчү класстын окуучуларын кесип тандоодо акылдуулук менен мамиле кылууга чакырды. Ал ар кайсы мезгилде жана ар кайсы мамлекеттерде кесиптерге болгон суроо-талаптын өзгөрмөлүүлүгүнө көңүл бурду.

"Дүйнөдө 40 миңден ашуун кесип бар... Кыргызстанда 150дөн ашык кесип болсо, анын 40ы эң көп талап кылынган кесиптер болуп эсептелет. Бизде тигүүчүлөргө, конструкторлорго, дизайнерлерге, ширетүүчүлөргө, куруучуларга, гүл сатуучуларга, троллейбус айдоочуларына, энергетиктерге талап абдан жогору", - деди ал.

Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өлкөлүк директору Чжэ Ву билим берүүгө жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө инвестициялоо экономикалык өсүштү жана өндүрүмдүүлүктү стимулдаштыруу үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи.

"Азия өнүктүрүү банкы ырааттуу инвестициялык долбоорлор жана программалар аркылуу көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аракеттерин колдоду. Эмгек рыногунун өнүгүшүнө жана билимдердин жана көндүмдөрдүн жаңы түрлөрүнө суроо-талаптын пайда болушуна жараша билим берүү системалары суроо-талапка жооп катары өзгөрүүгө мажбур болууда", - деди ал.

Кесиптик лицейлердин жана колледждердин окутуучулары жана окуучулары жыгачтан же металлдан жасалган тиричилик буюмдарынын, көйнөктөрдүн, таттуу токочтордун көргөзмөсүн, адистиктердин тизмеси жана кабыл алуу боюнча маалыматтар жазылган стенддерди тартуулашты.

Мектеп окуучулары кесиптер боюнча сынактарга катышып, окуу жайлар этникалык жана кече көйнөктөрүнүн коллекциясын көрсөтүп, ыр-бийлер даярдалды.

Пикир

Оставить комментарий