Бишкек, 15.01.25. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына санариптештирүү ишиндеги ийгиликтер менен бөлүштү.
Ал белгилегендей, былтыркы жылы санариптик документтердин саны байкалаарлык өстү. Эми жарандар мамлекеттик кызматтарды үйдөн же кеңседен чыкпай, онлайн эле алса болот.
“2024-жылы “Түндүк” тиркемеси аркылуу 171 кызмат жеткиликтүү болду. Ошондой эле 33 жаңы онлайн кызмат киргизилди. Мамлекеттик кызматтардын порталы аркылуу 16 млн кызмат көрсөтүлдү. Муну менен 17,6 млн саат жана 1,3 млрд сом үнөмдөлдү” , - деди министр.
Кутнаева кошумчалагандай, бул жарандар жана мамлекет үчүн чоң кадам.
Пикир
Оставить комментарий