• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Селден адам кантип сактануу керек? ӨКМден жети кеңеш

Коом 0

Бишкек, 03.04.24./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоо сууларынын нугунда капысынан пайда болгон баткактуу же таштуу суу ташкыны, башкача айтканда, селден кантип сактануу керектиги тууралцу кеңеш берет.

Эгер сиз табигый сел кырсыгына кабылсаңыз:

•өзүңүздү кармап, дүрбөлөңгө түшпөңүз;
•маалымат түйүндөрүн тыңдап туруңуз;
•"коопсуздук куржунун" алыңыз;
•үйдөн чыгарда электр жарыгын, газды өчүрүп, терезелерди жана эшиктерди бекем жабыңыз;
•суу каптаган аймактан курулуш материалдарын, жер семирткичтерди, күйүүчү материалдарды, отундарды ж.б. алып коюңуз;
•сел кырсыгынан сактанууда коопсуз болгон бийик кабатка чыгыңыз;
•өзгөчө кырдаалга кабылсаңыз күндүзү ак кездемени, ал эми түнкүсүн кол чыракты булгалаңыз.

Кырсык катталганда “112” бирдиктүү номер аркылуу куткаруу кызматына кайрылыңыз.

Пикир

Оставить комментарий