Селден улам Кадамжайда өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Аймак 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Селден улам Баткен облусундагы Кадамжай районунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Белгилей кетсек, күн мурун, 24-июнда Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында каттуу жааган жамгырдан улам сел жүргөн.

Кадамжай районунун Жеңиш айылында 1 миңге жакын жергиликтүү тургун коопсуз аймакка көчүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий