Шайлоо башталгандан бери эсептөө кутулары бузулган бир нече учур катталды - БШК

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Шайлоо башталгандан бери автоматтык эсептөө кутулары жана биометрикалык маалыматтарды окуган жабдыктар бузулган бир нече учур катталды. Бул тууралуу маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, учурда ал мүчүлүштүктөр жоюлду.

"Учурда бардык техникалык каражаттар иштеп жатат. Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү штаттык тартипте иштеп жатат", - деди ал.

Кыргызстанда бүгүн саат 08:00дө парламенттик шайлоо башталды. Парламенттик шайлоого карата жалпы 2 миң 475 шайлоо тилкеси даярдалып, анын ичинде чет мамлекеттерде 45 шайлоо тилкеси ачылган.

Шайлоого 16 саясий партия катышууда.

Пикир

Оставить комментарий