• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын аймагында кар, жаан жаайт

Коом 0

Бишкек, 10.10.23. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 13-октябрдан 15-октябрга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт.

Кыргызгидромет борборунан билдиришкендей, 13-октябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын областарынын көпчүлүк аймактарында жаан, Чүй, Талас областарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-октябрда күндүз, 13,14-октябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6°, айрым жерлерде 0..-2°, күндүз 5... 10°;
Талас облусунда 1... 6°, айрым жерлерде -1...-3°, күндүз 4...9°;
Чүй, Талас областарынын тоо этектеринде түнкүсүн 1...6°, айрым жерлерде-1..-3°;
Ош, Жалал-Абал. Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 2... 7°, күндүз 11...16°;
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1...6°, айрым жерлерде 0...-20, күндүз 5... 10°;
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3...+2°, күндүз 4...9° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7° суук, күндүз 1...6°;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8...-13°, күндүз - 1...-6° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Мөмө-жемиш жана жашылча жемиштерди үшүк алып кетүү коркунучу бар.

Пикир

Оставить комментарий