Бишкек, 13.06.19. /Кабар/. Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 13-июнда, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылар Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.
Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, «Манас» эл аралык аэропортунан Өзбекстандын президентин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
Пикир
Оставить комментарий