• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Айдарбеков Түркмөнстандын элчиси менен эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 07.02.19. /Кабар/. КРнын тышки иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Шадурды Мередов менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түркмөн кызматташтыгы тууралуу анын ичинде саясий, экономика жана маданий-гуманитардык маселелерди талкуулашкан.

ТИМ башчысы эки өлкө ортосундагы толугу менен колдонулбаган экономикалык потенциалды белгилеген. Ошондой эле бул жаатта кызматташтыкты күчөтүү максатында эки тараптын мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп чыгуу боюнча иш жүргүзүүнү сунуштаган.

Ошондой эле тараптар эки өлкөгө жогорку деңгээлдеги визиттерди уюштуруу боюнча да пикир алмашышкан.

Пикир

Оставить комментарий