• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

ШКУнун кийинки саммити Россияда өтөт

Саясат 0

Бишкек, 14.06.19. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны Россияда өтөт. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Бишкекте өтүп жаткан ШКУнун саммитинде билдирди.

Путин Россияда 2020-жылдын 22-23-июль күндөрү өтө турган ШКУнун кезектеги саммитине баардык кесиптештерин чакырып кетти.

Ошондой эле ал Кыргызстанды ШКУга ийгиликтүү төрагалык кылуусу менен куттуктап, жылуу тосуп алышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, ШКУга 8 мамлекет мүчө болуп эсептелет: Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан. 4 өлкө байкоочу макамына ээ, алар: Ооганстан, Белоруссия, Иран жана Монголия.

Саммиттин ишине Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Беларусиянын, Монголиянын, Афганистандын, Ирандын мамлекет башчылары, Кытайдын төрагасы, Индия менен Пакистандын премьер-министрлери катышууда.

Ошондой эле эл аралык уюмдардын атынан саммитке БУУ башкы катчысынын саясий маселелер жана тынчтык маселелери боюнча орун басары Розмари ДиКарло, ЖККУ башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков, КМШ аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саргсян катышууда.

Пикир

Оставить комментарий