• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Вице-премьер Өмүрбекова Эстониянын президенти менен жолугушту. Эмне жөнүндө сөз болду?

Саясат 0

Бишкек. 14.03.19 /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 63-сессиясынын алкагында Эстониянын президенти Керсти Кальюлайд менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өмүрбекова эки өлкө ортосундагы эки тараптуу мамилелерге жогорку баа берип, Эстониянын президенти Керсти Кальюлайдды 2019-жылдын 3-мартындагы парламенттик шайлоолордун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Өмүрбекова эстон тараптын КР электрондук өкмөттү киргизүүдө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз тарабынан Эстониянын президенти Керсти Кальюлайд кыргыз тарапка 2020-2021-жылдарга БУУ Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Эстониянын талапкерлигин колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди

Өмүрбекова өз кезегинде Кыргыз Республикасы 2019-2023-жылдарга карата ЮНЕСКО Аткаруучу кеңешине талапкерлигин көрсөтүп жатканы жөнүндө маалымдап, КР талапкерлигин колдоо өтүнүчү менен кайрылды.

Мындан тышкары Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, кыргыз тарапты Эстониянын медициналык камсыздандыруу тутумун өнүктүрүү жана саламаттык сактоо уюмдарын башкаруу, анын ичинде электрондук саламаттык сактоону киргизүү боюнча тажрыйбасы кызыктырат жана ал КР аларды киргизүү боюнча эксперттик колдоо көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Тараптар ошондой эле мындан ары карай эки тараптуу жана эл аралык уюмдар алкгындагы кызматташуу келечегин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий