• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Өмүралиев Албаниянын элчиси Кастриот Робо менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 9-мартында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жакында резиденциясы Анкара шаарында жайгашуусу менен Кыргызстанда аккредитациядан өтө турган Албаниянын элчиси Кастриот Робо менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу мамилелер жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты.

Элчи К.Робо эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө ниеттенип жатканын айтып, кыргыз-албан мамилелеринин келишимдик-укуктук базасын кеңейтүү жана өркүндөтүү зарылдыгын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишенимин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий