• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

ШКУнун, ЖККУнун, ТТМККнын Башкы катчылары жана ЕЭК коллегиясынын төрагасы Жапаровду Нооруз майрамы менен куттукташты

Президент 0

Бишкек, 21.03.21. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Башкы катчысы Владимир Норов, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Станислав Зась, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТТМКК) Башкы катчысы Багдад Амреев жана Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович президенти Садыр Жапаровду Нооруз майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

ШКУнун Башкы катчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Түн менен күндүн теңелишине дал келген бул керемет майрам адам менен жаратылыштын ортосундагы гармонияга өбөлгө түзөт, достуктун жана кызматташуунун туруктуу көпүрөлөрүн куруп, маданияттардын жана цивилизациялардын диалогун өнүктүрөт жана байытат. „Шанхай рухунун“ принциптерине толугу менен шайкеш келген коопсуз жана жаркын келечектин калыптанышына шарт түзөт», — деп айтылат куттуктоодо.

Владимир Норов Садыр Жапаровго ден-соолук, бакыт, бакубат жашоо жана Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшү үчүн мамлекеттик ишинде жаңы ийгиликтерди каалады.

ЖККУнун Башкы катчысынын куттуктоосу:

«Кыргыз Республикасы ЖККУнун алкагында аймактык коопсуздукту бекемдөөгө жана конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө олуттуу салым кошту. Уюмга мүчө- мамлекеттер Кыргызстандын ЖККУнун алкагында союздаштык алакаларды чыңдоого жана регионалдык эл аралык аянтчаларда өлкөлөрдүн күч-аракеттерин координациялоо демилгесин жогору баалашат», — деп белгиленет куттуктоодо.

Станислав Зась Садыр Жапаровго ден-соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, ал эми Кыргызстан элине тынчтыкты жана гүлдөп-өсүүнү каалады.

ТТМККнын Башкы катчысы Багдад Амреевдин куттуктоосу:

«Нооруз — түрк элдеринин орток баалуулугу. Бул майрам эки элдин ортосундагы боордоштук жана достук мамилелерди бекемдеп, мындан ары өнүгүүгө жол ачат.

Биздин мамилелерибиз биргелешкен күч-аракеттерибиздин натыйжасында ырааттуу улана берерине чын дилимден ишенем. Ага эки элдин байыртадан эле бири-бирин колдоп, ынтымакта жашап келгени түрткү болмокчу», — деп белгиленет Багдад Амреевдин куттуктоосунда.

ЕЭК коллегиясынын төрагасынын куттуктоосунда төмөнкүдөй деп айтылат:

«Бул байыркы, кереметтүү жаз майрамы кыргыз маданиятынын бай тарыхый мурастарынын маанилүү жана ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Жаратылыштын жазгы жаңылануусунун күнү Кыргызстандын жана Евразия экономикалык биримдигинин жыргалчылыгы үчүн жаңы ири долбоорлордун өнүгүшүнө дем болуп берсин», — деп белгиленет куттуктоодо.

Михаил Мясникович Садыр Жапаровго жана анын жакындарына ден-соолук жана бакубат жашоо, ал эми Кыргызстан элине тынчтыкты, бакубатчылыкты жана гүлдөп-өсүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий