Сокулукта өз кызын зордуктоого шектелген киши кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек. 26.12.22. /Кабар/. Сокулук районунда 42 жаштагы иши өз кызын зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине аймактык милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 24-декабрда 1987-жылы туулган Б.Е. аттуу аял милицияга кайрылып, 23-декабрда таңкы саат 07:00дөр чамасында 1980-жылкы У.Э. аттуу жолдошу Күн-Туудагы үйүндө 2009-жылы туулган кызына күч колдонуп зордуктагандыгын билдирген.

Аталган факты катталып, "зордуктоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү делген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, соттун чечиминин негизинде камакка алынган.

Аталган кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий