• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кытайлык инвесторлор Кыргызстанда сантехника чыгарган завод курууну пландоодо

Экономика 0


Бишкек, 26.12.22. /Кабар/. Кытайдан келген инвесторлор Кыргызстанда санитардык-гигиеналык буюмдарды чыгаруучу завод курууну пландоодо. Бул тууралуу президентке караштуу Улуттук инвестициялык агенттигинин директорунун орун басары Нурадил Баясовдун кытайлык "ARROW" корпорациясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда маалым болду.

Жолугушуу КРнын Гуанчжоу шаарындагы башкы консулу Х.Эргешованын көмөгү менен өттү. Ал аталган компания менен бир жылдан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген.

Кытайлык инвесторлордун иш сапарынын максаты ЕАЭБ, Борбордук Азия жана Европанын рынокторун өнүктүрүү үчүн Кыргызстанда санитардык-техникалык буюмдарды чыгаруучу завод куруу мүмкүнчүлүгүн сүйлөшүү болуп саналат.

Кытай тараптан ARROW эл аралык кызматташтык департаментинин аймактык директору Женни Пенг катышты. Ал "Кабар" агенттигине Кыргызстанга эмне себептен келгендигин айтып берди.

"Биздин компания Кытайда өтө таанымал жана рыноктун үч эң мыкты ишканаларына кирет. Бүгүнкү күндө биз дүйнөлүк рынокко чоң маани берүүдөбүз. Алсак, биринчи инвестициялык изилдөөнү Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин “Бир алкак – бир жол” демилгесин колдогон өлкөлөрдө жүргүзүүнү чечтик. Ошондуктан Борбор Азия өлкөлөрүнө көңүл бурулду - Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан. Кыргызстандын Гуанчжоудагы башкы консулунун жардамы менен бизге Кыргызстанга келип, керектүү маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Баса белгилеп кетчү жагдай, азырынча жалпы инвестициялардын так саны белгисиз. Алдын ала 1 млн долларга жакын инвестиция салуу пландалууда. Бирок, биринчи этапта бул сумма бир аз азыраак болот, башкача айтканда, 500 миң доллардын тегерегинде", - деп маалымдады ал.

Дженни Пенг Кыргызстандын инвестициялык климаты тууралуу суроого жооп берип жатып, алардын компаниясы пландаштырылган инвестициядан максималдуу пайда алып жатканын айтты.

"Бул жактын ички рыногунда Кытайдан келген чийки затка акысыз бажы пошлинасы болгондуктан жана ошондой эле сатуудан жана кирешеге салык жок болгондуктан биздин компания пайда көрөт деп ойлойм. Менимче биздин кызматташтык эки тарапка тең пайда алып келет. Жакынкы арада биз өзүбүздүн жетекчилик менен келип, Кыргызстанда экинчи заводду ачуу мүмкүнчүлүгүн талкууласакпы деп турабыз", - деди Дженни Пенг.

КЭРдин Улуттук корпоративдик кредиттик маалымат системасынын маалыматы боюнча, товардык белги 2013-жылы катталган, 2022-жылдын августунда компания Шэньчжэнь фондулук биржасына кирип, бир айдын ичинде 200 миллион доллардан ашык каражат чогулта алган. Компаниянын жылдык жүгүртүүсү 1,5 миллиард долларды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий