• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аймактарда аялдарга туура тамактануу жана аз кандуулук боюнча маалымат берилди

Коом 0

Бишкек, 26.12.22. /Кабар/. Суу чарба кызматы “Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу” долбоорунун алкагында Кыргызстандын аймактарында аялдарга туура тамактануу жана аз кандуулук боюнча маалымат берди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында аталган долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Самара Орозалиева билдирди.

Анын айтымында, республиканын 60 айыл аймагында 147 миң 300 кожолукту камтыган ымыркайларды жана жаш балдарды тамактандыруу, туура тамактануу маселелери боюнча маалыматтык кампанияларды өткөрүлдү.

"Анын айтымында, долбоор 6 жылга эсептелип, 2023-жылдын 30-июнунда аяктайт. Жалпы баасы 38 миллион долларды түзөт жана үч багытта иш алып барат - ирригациялык жана дренаждык инфраструктураны жакшыртуу, айыл чарба консультациялык кызматтарын көрсөтүү жана тамактануунун сапатын жогорулатуу боюнча чаралар", - деди ал.

"Азыктануунун сапатын жогорулатуу боюнча чаралар" деп аталган 3-компонентинин координатору Чолпон Карыпбекова кошумчалагандай, долбоордун алкагында 1 миң 269 медицина кызматкери туура тамактануу, анемияны дарылоо протоколдору жана башкалар боюнча окутуудан өтүштү.

"Биздин долбоордун максаты – калктын маалымдуулугун жогорулатуу, анткени аз кандуулук жана туура тамактануу маселеси биздин өлкөдө биринчи орунда турат", - дейт Карыпбекова.

Пикир

Оставить комментарий