• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Сокулуктун Жыламыш айылындагы мектептин имараты мамлекетке кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.09.24. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районундагы Жыламыш айылында жайгашкан эки кабаттуу мектептин имараты мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан текшерүүнүн жүрүшүндө Жыламыш айылында 200 орундуу эки кабаттуу мектептин имараты бар экендиги, ал мектеп учурда иштебей тургандыгы аныкталган.

Такталгандай, КР жер мыйзамдарын бузуу менен мектеп жана анын 20 гектарды түзгөн аянты 1998-жылы жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында мектептин ээси М.Ш. сметалык баасы 376 млн 339 миң сомду түзгөн объектини өз ыктыяры менен мамлекеттин менчигине өткөрүп берди.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Пикир

Оставить комментарий