• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Сооронбай Жээнбеков мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктайт

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 05.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын мугалимдерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Ардактуу Мугалим!

Сиздерди кесиптик майрамыңыз менен куттуктайм!

Мугалим деген мен үчүн өзгөчө кесип. Анткени, менин биринчи кесибим – Мугалим. Айылдык мектепте орус тилинен сабак берүү менен чоң турмушка аттангам. Ошондуктан, мен мугалимдин түйшүгүн жакшы билем. Эгемендиктин алгачкы 20 жылында мугалим мурдагыдай бааланбай, ардакталбай калды. Азыр гана абал оңоло баштады. Мамлекет да, коом да Мугалимдин кадырын көтөрбөсө, жаңы муундун, демек, бүт өлкөнүн келечеги оор болуп каларын түшүндү. Мен Өкмөт башында турганда колуман келишинче мектепке, мугалимге колдоо көрсөткөнгө аракетимди аяган жокмун. Мындан ары да аябайм.

Агай-эжеге чың ден соолук, узак өмүр каалайм! Арыбаңыздар!

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 04.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий