• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР БШК жарандарга жана саясий партияларга кайрылат

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 28.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо максатында, саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү тууралуу жарыялайт. Бул тууралуу КР БШК басма сөз кызматы билдирди.

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын өз макулдугун, шайлоо өнөктүктөрүнө, коомдук жашоодо катышуу тажрыйбасын, кесиптик жана жеке сапаттарын эске алуу зарыл.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22 –беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло албайт:
1)Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;
2)мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
3)судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;
4)талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү;
5)башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;
6)мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;
7)башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү.

Көрсөтүп жаткан субъекттер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу конуштун аймагында жашоого тийиш.

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине найлоочулардын жыйналыштарынан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдорду, жыйналыштын төрагасы жана катчысы өз колдору менен күбөлөндүрүшү керек. Протоколго, алардын колу коюлган, жашаган жерин көрсөтүлгөн жыйналыштын катышууларынын тизмеси тиркелүүгө тийиш. Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет:
- талапкердин аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;
- паспортунун көчүрмөсү;
- иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянынын маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы, өмүр баянынын таржымалы);
- байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефондору (үй, уюлдук, электрондук дарек).

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине шайлоочулардын жыйналыштарынан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2017-жылдын 5-октябры саат 18.00гө чейин тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарында (айылдык кеңештерде) кабыл алынат.

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2017-жылдын 5-октябры саат 18.00гө чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий